кандын клиникалык анализи – 40 жашка чейин жок дегенде бир жолу кан тапшырып көрүү сунушталат;
кандагы глюкозанын же гемоглобиндин деңгээлин жылына бир жолу текшерүү керек;
чоң кишилер ВИЧке, В жана С гепатитине кан анализин бир нече жылда бир жолу текшертип турганы жакшы;
липиддер профилин билүү үчүн кан анализин бардык кишилерге өмүрүндө эки жолудан кем эмес (35 жана 40 жашта сунушталат) тапшыруу сунушталат;
жылына бир жолу дарыгердин көз алдында кан басымын өлчөтүүсү керек;
электрокардиография — 35 жашка чейин кеминде бир жолу. 35 жаштан жогоркуларга жыл сайын;
флюорография — эки жылда бир жолу жүргүзүлөт;
лимфа бездерин жана меңдерди текшерүү — 39 жашка чейин бир жолудан кем эмес, 40 жаштан баштап жыл сайын;
көздүн кан басымын өлчөө — 39 жашка чейин бир жолудан кем эмес, 40 жаштан жогорку курактагылар жыл сайын;
50 жаштан ашкан эркектерге жыл сайын простата безинин спецификалык антигенин аныктоо үчүн кан тапшыруусу керек. Эгерде жакын туугандарынын арасында простата безинин рагына чалдыккан учурлар болсо, анда 40 жаштан тарта баштоо зарыл;
40 жаштан 75 жашка чейинки бардык аялдар үчүн эки жылда бир маммографиядан өтүп туруу маанилүү. Ошондой эле 18 жаштан 65 жашка чейинки аялдар жыл сайын гинекологиялык кароодон өтүп турганы туура.