Домой Ден-соолук Балаңыздын акылдуу болушун кааласаңыз, туура тамактандырыңыз

Балаңыздын акылдуу болушун кааласаңыз, туура тамактандырыңыз

395

Кичинекей баланын мээси азыктандыруучу заттарга жана витаминдерге такай муктаж болуп турат. Ал азыктар менен камсыз кылып турсак, баланын мээси жакшы иштеп, акылдуу болушуна шарт түзүлөт. Эске тутуусунун бекемделиши жана акыл-эсинин өнүгүшү үчүн балага кандай азыктар зарыл?

Майлуу балык

Балыктын майлуу сорттору (скрумбия, лосось, сардина, тунец ж.б.) өзүнө көптөгөн витаминдерди жана пайдалуу микроэлементтерди камтыгандыктан, ден соолук үчүн абдан пайдалуу. Блу балыктар майлуу кислоталарга бай болгондуктан, мээнин иштешине да абдан пайдалуу. Мыдан тышкары, балыкта белок көп, ал болсо мээнин негизги азыгы.

Уй эти

Өсүп жаткан баланын организми үчүн жаныбарлар белогу менен аминокислоталар зарыл, алар уйдун майсыз этинде бар. Андагы темир, фосфор, В витамини баланын мээсинин өсүшүн шарттайт. Ошондой эле организмде болуп жаткан бардык процесстерди көзөмөлдөйт.

Жашылчалар жана көк чөптөр

Шпинат, салат жалбырагы жана башка бардык көк чөптөр мээ клеткаларынын активдүү өсүшүнө жардам берет. Балдар көк чөптөрдү жактыра беришпейт, андыктан майда туурап башка тамактарын аралаштырып берсеңиз болот. Ал эми жашылчалардан сабиз пайдалуу. Анда мээнин ишинин бузулуусунун алдын алуучу жана эс тутумду жакшыртуучу лютеолин бар. Кызылчада болсо мээге эң пайдалуу глюкоза, темир жана йод бар. Капуста болсо өз курамындагы В тобунун витаминдери, фолий кислотасы жана темирдин негизинде эс тутумду жөнгө салат.  Бул жаатта өзгөчө брокколи капустасы пайдалуу.

Мөмө-жемиштер

Баланын акыл-эси жана эс тутуму үчүн эң пайдалуу жемиштер – алмурут, алма жана өрүк. Аларда темир көп. Мына ошол микроэлементтин негизинде мээ кычкылтекке каныгат. Бул жемиштерден күнүнө 200 грамм берсеңиз, балаңыздын активдүүлүгү жогорулайт, маанайы жакшырат. Ал эми мөмөлөрдөн кара карагат, малина, бүлдүркөндө баш мээге кандын барышын жакшырткан заттар бар. Баш мээге кан жакшы барса, демек баланын эс тутуму жакшырат, окууга болгон жөндөмдүүлүгү ачылат.

Какао жана кара шоколад

Какаонун курамындагы флавоноиддер кан айланууга жана мээнин ишине абдан жакшы таасир этет. Мындан тышкары шоколад маанайды көтөрөт. Мындай өзгөчөлүк курамында какао бар кара шоколадга гана тиешелүү.

Помидор

Помидор даамдуу, жеткиликтүү гана жашылча эмес, мээнин ишине да абдан пайдалуу азык экен. Анткени анда ликопин аттуу антиоксидант бар. Ашкабактын данеги Ашкабактын данегинде ойлонууга жана эс тутумга оң таасир этүүчү цинк бар, ошондой эле мыкты маанайдын микроэлементи болгон магний жана В тобунун витаминдери бар.

Жумуртка

Жумуртка – белоктун булагы. Ошондой эле анда пайдалуу майлар менен витаминдер камтылган. Жумуртка баланын оюн бир жерге топтоосуна жардам берет. Жаңгак Жаңгак баланын мээси үчүн абдан пайдалуу азык. Анын курамында омега-3  майлуу кислотасы бар. Анын болсо баланын мээсинин өсүшүн шарттай турганы далилденген. Андан тышкары жаңгак эс тутумга жана мээнин иштешине оң таасир этүүчү лецитинге бай.

Авокадо

Аз убакыт мурун экзотика деп эсептелинген бул жемишти азыр ар бир ири дүкөндөн, базарлардан табууга болот. Бул азык жалпы организмге, анын ичинде мээнин ткандарына кандын айлануусун жакшыртуучу заттарга бай. Ошондой эле авокадонун курамында психикалык саламаттыкты бир калыпта кармап туруучу калий жана башка минералдар көп.

Булак: Леди кж