Домой Тагдыр Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?

Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?

146

Жашым 20да. Ушул эрезеге жалаң апамдын күчү менен жеттим. Атам бар, бирок анын менде эч кандай эмгеги жок.

Атам апама күн көрсөткөн жок. Анын кол көтөргөнү, кайдагы тантырак сөздөрү, орой мамилеси апамды оорулуу кылды. Апамдын каза болгонуна бир жыл өттү. Анын дүйнө менен кош айтышына атамдын салымы чоң.

Азыркыга чейин ата-баладай отуруп сүйлөшө албайбыз. Аны сыйлап, мээримимди төгүүгө жакшы эле аракет кылып көрдүм. Бирок жүрөгүм такыр жибибей койду. Мага сүйлөсө эле жиним келип басып кетем. Ал дагы жөн калышпайт, кайра мени коркутат.

Эмне кылсам? Жашоом ушинтип өтө береби? Же барын айтып, коштошуп, өз оокатымды кылып кетсемби?

Эки бир тууганым бар, алар атакелеп турушат. Анткен сайын аларга да ачууланам.

Мага кеңеш бергилечи?
______
Мария Самсонова
Психолог

Чоң адамдардын өз-өзүнчө жашаганы нормалдуу көрүнүш. Ар бир адам өз турмушун курууга акысы бар. Үй-бүлөдө бардыгы жакшы болуп турганда деле, балдары ата-энесинен бөлүнүп жашоого жана тиричилик жүргүзүүгө үйрөнүүсү керек.

Түшүнгөнүмө караганда атаңыз сизди тарбиялоого катышкан эмес, а түгүл сиз жакшы көргөн, эң жакын деп эсептеген апаңызды таарынтып, анын ден соолугуна залакасын келтирген экен.

Ал адамды жакшы көрүп, ага мээрим төгүүгө милдеттүү эмессиз. Ошентсе да, өзүңүзгө жүк болбошу үчүн аны кечирүүгө аракет кылыңыз. Билем, бул абдан оор жана буга көп убакыт керектелет, бирок аракет кылып көрүңүз. Өзүмдүн колуман келбейт десеңиз, психологдорго кайрылыңыз.

Эч ким, эч кимди жакшы көр же сыйла деп талап кыла албайт. Урушуп-коркутуу менен да ынтымакаа жетүү мүмкүн эмес.

Бир туугандарыңыздын атаңызга өздөрү каалагндай жана өздөрү туура көргөндөй мамиле кылууга акысы бар. Аларга ачууланбаңыз. Сиз башка адамсыз, алар башка. Ар бир адам өзү туура көргөндөй өзүн алып жүрөт.

Атаңыздан бөлүнүп, өз алдынча жашап көрүңүз. Балким бул мамилеңердин башка нукка өтүүсүнө себеп болот.

Бул ситуацияда өзүңуз туура деп санагандай жана өзүңүз каалап жатткандай иш кылыңыз. Кандай гана чечим кабыл албаңыз, бул сиздин чечимиңиз. Анын туура же туура эмес варианты болбойт. Өзүңүздүн жашооңузду өзүңүз куруңуз.

Ийгилик!
Булак: Билесиңби