Домой Саясат Бала эмчекти кусканча соро берет. Кожобек Рыспаев этин чаап жүрө берсе болмок!

Бала эмчекти кусканча соро берет. Кожобек Рыспаев этин чаап жүрө берсе болмок!

47
Ушул бала улам эле элдин жинине тийе бербей, этин чаап жүрө бербейби да… Жанагы «элита» сындуу депутат Кожобек Рысбаевди айтканыбыз… Бул неменин кебетесин көргөн киши эле андан кандайдыр бир «проблема» келип тийчүдөй маанайда калат болуш керек. Көз карашында куулуктун, бирөөнө зыяны тийчүдөй куулуктун  илеби уруп тургандай, а балким, жалынын чачып тургандай… Анан да тамакка аябай тоюп алып,  дагы эле ошончо жегиси келип жаткандай сезилет…

Ар бир адамдын турган сырткы турпаты менен кошо дароо билинбеген ички дүйнөсүн чагылдырган ички «кебете-кешпири» да бар, аны «ички дүйнөсү» деп да коебуз. Кожобек Рыспаевде ошол ички дүйнөсүн көрүүгө аракет кылган адамды кайт кылган кандайдыр бир илеп бардай…

Ошол депутат «Жогорку Кеӊеште жалаӊ элита адамдар чогулган» деп оозуна  алакачтырып жиберип, бүтүндөй журтка уят болгон, анын артышылдыӊ бүтүмү чыккан!  Жогорку Кеӊеште кимдер отурарын эл аябай жакшы билип алды. Кримииналга байланышы барлар, жеп-ичкендер, кызматтан куулгандар… ж.б. толуп жаткан « начар сорттогу» адамдар бар. Рысбаевдин «элитабыз « деген маанисинен кийин «элита» деген маани ал сөздүн тескери жагын билдирип калды, «элита» деген сөз шылдыӊ ккатары кабыл алынып калды…

Аз мурун «элита» деген маанинин «жаназасын окуп койгон» Рыспаев «депутат деген курсагы ток, бай адам болуш керек» деп жатпайбы, курсагы ач адам депутат боло албайт экен. Рысбаевчесинен талкуулап, акыл жыйынтыгын чыгарган адамга бул тыянак туурадай көрүнөт. Ооба, адам баласынын курсагы ток болсо, анда анын иши да жакшы жүрөт, көп жулунбайт. Бул сыпаттама-кеп адам баласы бузула элек таза кезиндеги сүрөтү. Ал эми, азыркы биздин турмуштагы адамдар таптакыр башка сыпаттамада. Азыр адам баласы канчалык курсагы ток болсо, канчалык бай болсо, ошончо эле жулунуп турат. Эмчектеги бала курсагы тойгонун билбей эме берет, акырында кусуп анан эмгенин токтотот. Дагы жакшы кузгандан кийин токтойт. Ал эми азыркы адамдар «кусса» да токтобойт, «келе эле келе» деп турганы турган. Жанагы «көз деген топуракка гана тоет» дегендей кеп да!

Азыркы Жогорку Кеӊештеги депутаттардын курсагы ачы жок, байлыгы батпайт. Анан дагы эле жанталашып турат го. Же «мен тойдум, эми жетер…» деген депутатты көрдүӊөрбү?! Жок, бири калбай байлыгын көбөйтүү үчүн жулунуп турат го!

Жеке Рыспаевдин байлыгы деле биртоп деп угабыз. Бирок, «байлыгым жетип берет» деп байлыкка умтулбай, ишин жакшы иштеп, бей-бечараларга каралашып, анан     гана өзгөлөр үчүн жан үрөгөнүн байкаган адам жок, көргөн адам жок.

Депутат болгончо байыбаган адам, демек, байлыкка  жулунбаган адам. Алар азыркы депутаттардай байлык топтоону алдыӊкы орунга койбой, депутаттык ишин кынтыксыз иштейт. Алар депутаттыктын оӊой эмес айлыгына  каниет кылат. Ал эми курсагы чандыйган депутаттар ого бетер чандыя жегенге өтөт! Ток адам жакшы депутат болот деген кептин мааниси небак кайткан. Ушул шайланыштагы депутаттар жок кылган!

Автор: Баратбай АРАКЕЕВ

Булак: Багыт.кж