Домой Экономика Бакашев: акыркы 4 жылда 11 завод ачылды

Бакашев: акыркы 4 жылда 11 завод ачылды

74

Анын айтымында, учурда Бишкек ЭЭАда 2 миң 600дөн ашуун жумушчу иштеп жатат. Ошол эле мезгилде 500 жумушчу орду бош турат.

«Бизде жумушчу күч жоюлуптур. Экономикалык аймактагы жумушчулардын күнүмдүк айлыгы 600 сомдон жогору. Өндүрүштө жумушчу жетишпейт. Келгендер да бир жумада кетип калууда. Бул чоң көйгөй», — дейт Бакашев.

Ал белгилегендей, Бишкек экономикалык аймагы өткөн жылы бардык салыктарды кошкондо, мамлекетке 667 млн. сом салык төлөгөн.

Өлкөдө 5 эркин экономикалык аймак бар. Анын ичинен Бишкек экономикалык зонасы гана өндүрүш чыгаруу менен алектенет.

Булак: Марал