Домой Аналитика Бактыбек Абдиев: “Эмгек” партиясын тандап, шаарды өнүктүрүүгө салым кошуңуздар!

Бактыбек Абдиев: “Эмгек” партиясын тандап, шаарды өнүктүрүүгө салым кошуңуздар!

93

Бишкек шаардык кеңешине “Эмгек” партиясынан талапкерлер Бактыбек Абдиев жана Шаршеналы уулу Бекен шайлоочулар менен кезектеги жолугушууларын улантууда. Талапкерлер “Салам-Алик” жаңы конушундагы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы паркта жана №13 МАБдын 29 кварталында жыйын өткөрдү.
Жолугушууга аталган аймакка жакын жайгашкан көчөлөрдүн жашоочулары Бакыт Абдиевди нан жана туз менен тосуп алышты. Ошондой эле алар өздөрүнүн канализация, жол, коомдук транспорт сыяктуу көйгөйлөрүн айтышты.
Өз кезегинде Абдиев шайлоочулардын көтөргөн маселелерди чечүү “Эмгек” партиясынын шайлоо программасына камтылганын баса белгиледи.

“Мен бул аймакта 25 жылдан ашуун жашап, иштеп келем. Менин бул жерде коомдук кабылдамам бар. 2016-жылы сиздердин колдооңуздар менен шаардык кеңештин депутаты болдум. Көпчүлүк адамдар БШК аткаруучу орган эмес экендигин, ал эми депутаттар долбоорлордун демилгечилери экендигин жакшы биле беришпейт. Ишке ашыруу мэрия жана шаардык кызматтар тарабынан жүргүзүлөт”,– деди ал.

Талапкердин айтымына караганда, анын негизги милдети элдин көйгөйлөрүн БШКда көтөрүп, эл менен шаар бийлигин ортосунда көпүрөө болуу болгон.

“Мен ошондуктан бул жактагы инфраструктураны жакшыртуу үчүн колумдан келгендин бардыгын жасадым. Биздин чоң кварталда дээрлик 30 жылдан бери эч кандай жол оңдолгон эмес, бир дагы метр канализация төшөлгөн эмес. Сиздер 2016-жылы канализация тутумун төшөө, көчөлөрдү жарыктандыруу, дренаждык тутумду орнотуу, жолдорду оңдоо жана башка милдеттерди койдуңуздар. Бүгүнкү күнгө карата биздин кварталда көчө жарыктарын орнотуу 80-90% га бүттү. Жолду реконструкциялоо долбоору жүрүп жатат, айрым каттамдар буга чейин оңдолгон. Бир нече көчө канализация тутумуна кошулган. Быйыл пландаштырылган кварталдардын бардыгы ага байланыштуу болот деп ишенем. Ошондой эле жер астындагы суу көйгөйлөрү чечилип жатат. Башкача айтканда дренаж системасы тазаланып, тазалоочу курулмалар орнотулду. Мына биз азыр турган парк сиздердин демилгеңиздер менен ачылды”,- деп кошумчалады Абдиев.

Ошондой эле Бактыбек Абдиев алдыда дагы жасала турган көп иштер бар экенин айтып, анын баары “Эмгек” партиясынын “Демилгелүү шаар” программасына киргизилген белгиледи. Андан сырткары ал “Эмгек” партиясы жаратмандардын жана пикирлештердин командасы экенин, алар шаарды өнүктүрүүнү чын дилдеринен каалай тургандыгын баса билдирди.

“Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары мен ошондуктан ушул партия менен шайлоого бара жатам. 11-апрелде жөн эле депутаттарды шайлабайсыздар. Сиздер шаарыбыздын кандай өнүгө тургандыгын аныктайсыз. Ошондуктан сиздер туура чечим кабыл алып, жаратмандардын командасын тандайт деп үмүттөнөм. Биз силердин колдооңор менен жакынкы 4 жылда көп жакшы иштерди жасайбыз деп терең ишенем”, – деп сөзүн жыйынтыктады талапкер.

Ал эми “Эмгек” партиясынын дагы бир жаш талапкери Шаршеналы уулу Бекен шайлоого биринчи жолу катышып жатканын айтты.

“Мен Көлмө конушунда туулгам жана ал жакта жашайм. Конуштардагы жол, канализация, бала бакча, жарыктандыруу сыяктуу көптөгөн маселелерди жакшы билем. Мен шаарды өнүктүрүүгө жана элдин жашоо турмушун жакшыртууга өз салымын кошум келет, ошондуктан шайлоого барам”, – деди ал.

Үгүт иштеринин соңунда шаардын тургундары Абдиевдин үйүнүн эшиги ар дайым алар үчүн ачык экенин жана ага кандай гана маселе болбосун кайрыла алатургандыгын билдиришти. Ошондой эле шайлоочулар Бакыт Абдиевге ак калпак кийгизишти жана талапкерге шайлоодо жеңиш каалап, ак баталарын беришти.
Демилге, эмгек, натыйжа үчүн иштеген “Эмгек” партиясынын шайлоо бюллетенинде 22-номердебиз.

“Эмгек” саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды.