Сапар Исаков – Кыргызстандын экс-премьер-министри. Исаков дипломатиялык кызматка 26 жашында киришип, бир канча мамлекеттик кызматтарды аркалаган. 2019-жылы ал бир нече кылмыш иши боюнча күнөөлүү деп табылып, 18 жылга эркинен ажыратылган. 2020-жылдын 5-октябрында орун алган ыңкылап учурунда экс-премьер-министрди тарапташтары колониядан бошотуп алышкан. Саясатчы ошондон кийин колонияга кайтып барган эмес жана азыркы күнгө чейин анын кайда экендиги белгисиз. Төмөндөгү материалдан Сапар Исаков тууралуу бул жана дагы башка кызыктуу фактыларды таба аласыз.
1. Сапар Исаков 1977-жылы 29-июлда Фрунзе шаарында мамлекеттик кызматкерлердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.
2. Атасы Джумакадыр Исаков 1939-жылы 27-августта Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. Жалал-Абад жана Ош облустарында ар кандай партиялык кызматтарды аркалаган жана үч жолу облусттук кеңештин депутаты болуп шайланган. Джумакадыр Исаков 2017-жылы 25-майда 78 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
3. Апасы Нургүл Өмүрбаева – пенсионер. Мурда англис тили мугалими болуп иштеген.
4. Агасы Капар Исаков БТА Банкынын башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси болгон.
5. Таятасы Сагындык Өмүрбаев — Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу. Ал “Бороондуу күндөр”, “Телегей” романдары менен белгилүү.
6. Сапар Исаков Ош шаарындагы №16 мектеп-гимназиясын аяктаган. Андан соң Кыргызстан эл аралык университетине тапшырып, эл аралык укук боюнча билим алган. Окуусун аяктаган соң 2003-жылга чейин ошол эле окуу жайда 4 жыл сабак берген.
7. Исаков Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык укук кафедрасынын доценти.
8. 2003-жылдан 2007-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык укук департаментинин эки тараптуу кызматташуу бөлүмүнүн башчысы, ага чейин 2-катчы, 3-катчы кызматтарын аркалаган.
9. 2007-жылдын апрелинде КРдин Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы болуп бекитилген. Ошол эле жылдын август айында Өкмөттүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган.
10. Исаков 2009-жылдан 2011-жылга чейин бир канча жолу кызмат ордун алмаштырган. 2009-жылдын октябрынан 2010-жылдын апрелине чейин Кыргызстандын Борбордук өнүктүрүү агенттигинин байланыш кызматынын башчысы; 2010-жылдын май айынан тартып август айына чейин Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы; ошол эле жылдын декабрына чейин КРдин Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы; 2010-жылдын декабрынан 2011-жылдын декабрына чейин бир жыл КРдин Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары рангында тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматтарын аркалаган.
11. 2011-жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган. Бул кызматты 5 жылдан ашуун аркалап, 2017-жылы кызматынан бошотулган. Андан соң КРдин Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалып, бирок көп өтпөй эле бул кызматынан дагы бошотулуп, Президенттин Администрациясынын башчылыгына бекитилген.
12. 2017-жылдын 26-августунда Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчылыгына дайындалып, эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы 22-премьер-министр болуп калды.
13. 2017-жылдын сентябрында премьер-министр катары расмий иш сапары менен Россияга барган. Бул 1991-жылдан бери Кыргызстандын өкмөт башчысынын Россияга жасаган алгачкы расмий сапары болгон.
14. 2018-жылдын 19-апрелинде отставкага кеткен. Ошондон көп өтпөй эле КСДП саясий партиясынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган.
15. Үй-бүлөлүү. Жубайы Малика Арстанбекова — психология илимдеринин кандидаты. Жубайлардын 4 кыз, 2 уулу бар.
16. Сапар Исаков “Кыргыз Республикасынын Атайын ыйгарым укуктуу элчиси” дипломатиялык макамынын жана “Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” макамынын ээси.
17. 2016-жылы улуттук кызыкчылыктарды коргоого кошкон салымы үчүн II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган. Мындан тышкары эл аралык «Шанхай кызматташтык уюмуна 10 жыл» юбилейлик медалына, «Жамааттык коопсуздук келишимине 20 жыл» юбилейлик медалына (2013-жыл 16-сентябрь) жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун “Ардак грамотасына” (2014-жыл 23-декабрь) татыктуу болгон.
18. 2018-жылдын 29-майында УКМК тарабынан Сапар Исаковко Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 3-бөлүмү (Коррупция) боюнча Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо коррупция иштерине аралашкан деп айып коюлуп, 5-июнда тергөө иштери аяктаганга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
19. 28-июлда Исаковко карата сот актысы өзгөртүлүп, камакта кармоо мөөнөтү 5-августка чейин узартылган. Кийинчерээк баш коргоо чарасы 5-октябрга жылдырылган.
20. 2018-жылдын декабрында УКМК Сапар Исаковду оор кесепеттерге алып келген коррупцияга айыптаган.
21. 2019-жылдын 16-августунда Исаков УКМКнын убактылуу кармоочу жайында инсульт алып, Улуттук госпиталдын №2 неврология бөлүмүнө жаткырылган.
22. 2019-жылдын 6-декабрында Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакциясы боюнча) 43-беренесинин 2-бөлүгү, 319-беренесинин 2-бөлүгү боюнча күнөлүү деп табылып,15 жылга кесилген. Анын негизинде ага жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында өтөө, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 21-октябрындагы №208 Жарлыгынын негизинде ыйгарылган Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин дипломатиялык рангынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июнундагы №143 Жарлыгы менен ыйгарылган II даражадагы «Манас» орденинен жана 3 жылга чейин мамлекеттик органдарда иштөө укугунан ажыратуу өкүмү чыккан.
23. 2020-жылдын 9-июнунда Биринчи Май райондук соту Бишкек шаарындагы Тарых музейинин реконструкциясы жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданынын курулушу иштери боюнча өкүм чыгарган. Ага ылайык, Сапар Исаков КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча күнөөлүү деп табылып, 18 жылга эркинен ажыратылган жана 247 миллион 650 миң сом өлчөмүндө мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттендирилген.
24. 2020-жылдын 7-декабрында Жогорку Сот Тарых музейинин реконструкциясы жана Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун курулушу иштери боюнча эки инстанциянын өкүмүн жокко чыгарган.
25. 2020-жылы 6-октябрга караган түнү болгон башаламандык учурунда Исаковду тарапташтары Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясынан бошотуп алышкан.
26. Ошол жылдын 9-октябрында Сапар Исаков тарапташтары жана дагы бир катар саясий ишмерлер менен “Ала-Тоо” аянтына митингге чыгышкан. Исаков өзү кийин белгисиз адамдар митингге чогулгандарды таратууга аракет кылып жаткан учурда анын унаасына аскердик ок менен атышканын айтып чыккан.
27. Бул окуялардан кийин КСДП саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева Исаковдун кайда экендигин үй-бүлөсү, тарапташтары жана жакындары билбестигин билдирген.
28. 17-октябрда Францияда саясий качкын катары жашап жүргөн мурдагы журналист Улукбек Бабакулов Сапар Исаковдун Франциядан саясий башпаанек сурагандыгын жазып чыккан.
29. 14-октябрда Сапар Исаковго жана Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго жазадан качуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, 26-октябрда аларга эл аралык издөө жарыяланган.
30. Исаков 2021-жылдын февралында Facebook социалдык тармагында баракча ачып, мындан ары расмий билдирүүлөрдү өзүнүн баракчасында жарыяларын жазган. Саясатчынын 23-февралда жарыялаган алгачкы постуна ылайык, анын Москва шаарында жүргөндүгү белгилүү болгон.
булак: limon.kg