Домой Саясат Бабанов “Кыргызстан” банкын кайра Садыбакасовага кайтарып береби?

Бабанов “Кыргызстан” банкын кайра Садыбакасовага кайтарып береби?

147

9-августта “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта беш сааттай сурак берип чыкты.

Ал «Кыргызстан» коммерциялык банкы тууралуу сурак бергенин айтып, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка жагдайларды ачыктай албасын билдирди. Бабанов суракта тергөөчүлөрдүн сылык-сыпаа мамилесин белгиледи. Быйыл апрелде “Кыргызстан” коммерциялык банкына байланыштуу кылмыш иштерин териштирүү жанданганы белгилүү болгон. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат 11-апрелде аталган банктын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары, Бабановдун жакын тууганы Жаныбек Мырзабаевди бир канча саат суракка алган. Чынында Бабановдун “Кыргызстан” банкын мурунку депутат, ишкер айым Шарипа Садыбакасовадан  Максим Бакиевдердин жардамы менен рейдерлик кылып, тартып алганы тууралуу маалымат ЖМКларда көп жазылып, көп сындалып келет. Бул маалымат бешиктеги балага да белгилүү. Бабановдун андай рейдерлик ишине күбө болуп, катышкан кишилер да арабызда жүрөт. Бирок ошондой болсо да, жанын жеген Бабанов эл алдында, Кудай алдында да актанып келет. “Уруу тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деген кеп бекеринен айтылбаса керек. Кудай турат, Бабанов канча актанса да, баягы эле “баскынчы”,  Бабанов бойдон калат.

Булак: Багыт