Домой Саясат Ишинде эмес, Инстаграмда макталган министр

Ишинде эмес, Инстаграмда макталган министр

78

Мурда Инстаграмм деген эмне экенин билбеген министр Кашкар Жунушалиев Атамбаев камалгандан кийин Инстаграмды “дароо” түшүнүп,  өз баракчасын “оптом” 77 миӊ катталуучусу менен ачты. Кантип? Себеби, түшүнүктүү. Азырынча мансабы менен акчасы  канын кызытып турган генерал буга чейин кийим сатып келген аккунтту сатып алып, анын аталышын «za_zhunushalieva» деп өзгөрттүрүп алган. Аккаунттун администратору дүкөн жөнүндөгү маалыматтарды тазалап чыкканы менен «досуңду белгиле» деген функциядагы бир реклама өчпөй калган.

Министрдин сүрөт-видеолору 16-августта жарыялана баштаганы менен баракча өзү 2017-жылы ачылганы белгилүү болду. Азыр министрдин баракчасына кандайча жазылып калганын билбей калгандар ага жазылуудан баш тартып, баракчадан чыгып кетип жатышат.  Ишинде жалаӊ сындан башы чыкпаган кашаӊ министр эми өзүн Инстаграмда  апендинин кызындай мактатып, элге жек көрүндү болуп турат. Дагы бир кызык жагдай ошол эле учурда  Атамбаевди кармоо операциясында  «милициянын кызыкчылыгын саткан» деп жумуштан бошотулган Курсан Асановду колдогон баракча да удаа ачылды.

Ал баракчанын аталышы — «za_asanova», экинчиси — «za_zhunushalieva». Катталгандардын саны 20 миӊге жакын. Бул эки генералдын баракчаларына жазылгандар бири-бири менен кайым айтышып, бири Асановду, бири Жунушалиевди жактап жатышканы байкалды. Ошентип, эки генералдын соцтармактагы “согушу” талкуу жаратып олтурат.

Бу “кашаӊ” министрге Инстаграм дүйнөсү ИИМ эмес экенин айтып койгулачы. ИИМдеги интриганы күчөтүп, жеткирчү жагына жеткирип жаткан куураткыр эми инстаграмды да тынч койбой, минтип эки жаат кылып жатканы жакшы көрүнүш эмес.