Домой Коом Азат Исакуновдун “Жашоо булагы” коомдук кайрымдуулук фонду “Жашоо – белек” аттуу чыгарманы...

Азат Исакуновдун “Жашоо булагы” коомдук кайрымдуулук фонду “Жашоо – белек” аттуу чыгарманы тартуулайт

186

Коронавирус пандемиясы миңдеген шаарларды, көптөгөн өкөлөрдү анын ичинен Кыргызстаныбызды да өз туткунуна алды. Тилекке каршы, бүгүн бизге бул илдеттин эрежелери менен жашоого туура келүүдө. Тобокел топтун башкы сабында өмүрлөрүнө коркунуч жаралса дагы, мекен алдында ыйык милдетин аткарып жаткан биздин даарыгерлер, мээрман эжелер жана күч органдарынын кызматкерлери турат. Анда эмесе келиңиздер, коронавирусту женүү үчүн бардык күч аракеттерибизди жумшайлы, өлкө алдындагы жоопкерчилигибизди бекем аткаралы. Ошондо гана биз бул тумоону жеңип чыгабыз!

Азат Исакуновдун “Жашоо булагы” коомдук кайрымдуулук фонду учурда түзүлгөн оор абалда, мекен үчүн күнү-түнү кызматта туруп, тумоо менен күрөшүп жаткан биздин ардактуу кесип ээлерине “Жашоо – белек” аттуу чыгарманы тартуулайт. Сиздердин эмгегиңерди бийик баалайбыз жана терең ыраазычык менен алдыңарда тизе бүгүп таазим кылабыз! Бар болуңуздар! Өшондой эле чыгарманы жараткан Алтынбек Алымовго, демилгени колдоп салымдарын кошкон биздин эстрада жылдыздарыбыз Гульнур Сатылганова, Кайрат Примбердиев, Арсен, Султан Садыралиев, Ильяс Кудретов , Наима Кудретова, Миңжашар Мурзаев жана Назгуль Чынарбек кызына өзүбүздун ыраазычылыгыбызды билдиребиз !