«Милдеттүү түрдө изоляцияда болуу үй-бүлөлүк зомбулук проблемасын күчөттү. Агрессивдүү түгөйлөрү менен камалып отурган аялдарга оор сыноо болууда».
Депутаттын: «Эгер аялдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч болсо үйүнөн чыгышына уруксат берүүчү норма каралса болобу?» деген суроосуна ички иштер министринин орун басары Памир Асанов жооп берди:
«Биз да бул маселени карап жатабыз. Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы иш жер-жерлерде жүрүүдө».
Депутат Асылбаева коронавируска каршы түзүлгөн штаб мындай учурга кабылган аялдарга өзүнчө бөлмө караштырууну сунуш кылды. Милиция өкүлү бул маселе тийиштүү мекемелер менен талкууланышы керек экенин айтты.
Булак: Азаттык