Домой Маданият Анжелика: «Бишкекте жаңы ачылган сейилдөөчү багы «Баатырлар багы» деп аталса дейт элем»

Анжелика: «Бишкекте жаңы ачылган сейилдөөчү багы «Баатырлар багы» деп аталса дейт элем»

228

Буга чейин Бишкек шаарынын түштүк тарабында курулуп жаткан жаңы сейил багына пандемия учурунда стационарда иштеп жатып каза болгон, ыктыярчынын жаркын элесине арнап «Адинай» деген ат коюу сунушталган болчу. Ал эми бул туурасында ырчы Анжелика өзүнүн Инстаграм баракчасына «бардыгын камтып, «Баатырлар багы» же башка ушул сыяктуу ат койсо туура болчудай» деген пикирин калтырган. Ырчынын мындай пикири интернет колдонуучулар арасында талкуу жаратып, бири «туура айтасыз» десе, бири караманча каршы экендигин жазышууда. «Адинайдын ата-энесине дагы бир жолу көңүл айтып, кайгысы менен тең бөлүшөм. Бирок бул сейилдөөчү бакта COVID-19 пандемиясындагы көзү өткөн доктурлардын, академик, профессорлордун, имамдардын, эл сыйлаган инсандардын эстеликтери жана жалпы пневмониядан көзү өткөндөрдүн чоң тизмеси орун алып, «Баатырлар» багы (парк «Героев») аталса дейт элем. Оюңуздар кандай?», — деп жазган ал өз билдирүүсүндө. Бишкек шаарында курулуп жаткан жаңы сейил багына президент Сооронбай Жээнбеков 11-августта пандемияга каршы күрөшүүдө баа жеткис салым кошкон дарыгерлердин жана ыктыярчылардын элесине арнап, ага Адинай Мырзабекованын атын ыйгарууну сунуштаган. Ал эми аталган сейил бак 8 гектардан ашык аянтты ээлейт. Анда спорт аянтчалары, велосипед жолдору, 300 орундуу амфитеатр жана медпункт жайгашкан. Бүгүнкү күндө бардык жумуштар аяктап, сейил бак жакын арада пайдаланууга берилет.