Домой Саясат «Ар-намыс» партиясы шайлоого катышпайт

«Ар-намыс» партиясы шайлоого катышпайт

227

«Ар-намыс” партиясынын саясий кеңеши алдыдагы парламенттик шайлоого катышпоону чечти. Партиянын бул тууралуу чечимин анын лидери Феликс Кулов “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялады.

Билдирүүдө жазылгандай, мындай чечим шайлоого катышуучу партиялардын тизмесине жана азыркы кырдаалдагы шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү маселесине байланыштуу кабыл алынды.

Анда “Талапкерлердин тизмесин праймериз – партиянын ичиндеги тандоо аркылуу түзүү коомчулукка талапкерлер тууралуу алдын ала маалымат алууга, ал эми парламентке мыкты, адискөй депутаттар келүүсүнө мүмкүнчүлүк бермек. Тилекке каршы, учурдагы пандемиялык кырдаал буга жол берген жок. Ошондуктан, биз мурункудай капчыктуулар жеңишке жетишкен шайлоого катышуудан баш тарттык”, — деп жазылган.

“Ар-намыс” партиясы учурдагы пандемияга байланыштуу добуш берүүнү бир күндө эмес, бир нече күндө жүргүзүү тууралуу сунушу каралбаганын билдирүүдө. Партиянын жүйөсүнө ылайык, аралыкты сактоо жана башка санитардык талаптарды аткаруу менен бир күндө добуш берип жетишүү мүмкүн эмес. Мындан тышкары азыркы кырдаал саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт иштерин тиешелүү деңгээлде жүргүзүүсүнө мүмкүнчүлүк бербейт. Онлайн үгүт учурунда шайлоочулар талапкерлер менен таанышып, кызыктырган суроолоруна жооп ала алышпайт.

“Ар-намыс” партиясы жарышка катышпаса да, атайын адистер менен чогуу шайлоо алдындагы программасын түзгөнүн белгилеп, кийинчерээк аны коомчулукка жарыя кыларын билдирүүдө. Партия бул программасын шайлоодон кийин түзүлгөн өкмөттүн жаңы курамына сунуштамакчы.