Домой Саясат Алкымы чоң Акылбек Жапаровдун «Дамаск» мейманканасы качан мамлекетке алынат?! ?!

Алкымы чоң Акылбек Жапаровдун «Дамаск» мейманканасы качан мамлекетке алынат?! ?!

895

Акылбек Жапаров дегенде кыргыз эли коррупцияны, коррупция дегенди Акылбек Жапаровду эстейт. Бул кишинин саясаттагы орду, багыты — алдым-жутумдук, мыйзамсыз байыгандык, кооз сүйлөгөн кошомачыклык менен коштолгондуктан — эчак коррупциянын  анык символдорунун бири болуп калган. Муну эч ким жокко чыгара албайт. Факты да сурагысы келбейт. Анткени, бешиктеги балага чейин беш колундай билет.  Эконоика, Каржы министрликтерин, анан вице премьер министр болуп иштеген Жапаров илгертен эле » мистер 10 пайыз  » деген атка конгон. Маселен, миллион доллардын 10 пайы акчасы 100 миң доллар болсо, анан ким байыбайт? Чынында анын Бишкектин чок ортосунда «Дамаск» баштаган, Ысык-Көлдө жана кичи мекени Кочкордо да бир катар кыймылсыз мүктөрү бар.   Каржы министри болуп турганда  Ысык-Атадагы ишканасына 200 млн. сом ссуда алып, аны кайтарбай койгону боюнча кылмыш козголгон. Бирок Жапаров кайсы бийлик келсе да, «күн тийген жердин күкүгү болуп» чыга келет. Ал тургай акыл үйрөтүп, өкмөт башчыларга да кеңешчи болуп алат. Айтор, кылтакка такыр илинбеген, жеңден кончко сымаптай эле коюлган бир кургур да…Калтардын нак калтары. Жапаровдун «Дамаск» мейманканасын мамлекет алуу зарыл. Алынган соң, аны бизнемендерге, ири инвесторолрго сатып, акчасын толугу менен Кытайдын карызын төлөөгө сарптаса туура болоор… Буга мамлекеттин толук укугу бар, кылмыштуу иштерине далили да жетиштүү…