Домой Коом Эркин күрөш боюнча Сербиядагы Дүйнө Кубогуна Кыргыз өлкөсүнөн кимдер катышат? (тизме)

Эркин күрөш боюнча Сербиядагы Дүйнө Кубогуна Кыргыз өлкөсүнөн кимдер катышат? (тизме)

593

2020-жылдын окуу-машыгуу жыйындарынын календарлык планына ылайык, ошондой эле эркин күрөш боюнча Дүйнө Кубогуна даярдык көрүү максатында Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү «Изабек» спорт комплексинде (Бишкек шаары) окуу-машыгуу жыйын өтүп жатышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйын 2020-жылдын 22-ноябрында башталып, 13-декабрына чейин уланат.

Курама команданын мүчөлөрүнүн тизмеси:

1. Сманбеков Алмаз, салмактык категориясы – 57 кг;
2. Жумашбек уулу Тайырбек, 57 кг;
3. Мырзаназар уулу Бекболот, 57 кг;
4. Хажимурадов Икром, 61 кг;
5. Жолдошбеков Улукбек, 61 кг;
6. Акматалиев Эрназар, 65 кг;
7. Осмонов Алибек, 65 кг;
8. Токтогул уулу Айбек, 65 кг;
9. Сыргак уулу Мансур, 70 кг;
10. Орозбеков Исламбек, 70 кг;
11. Усупов Саякбай, 74 кг;
12. Анарбеков Адилет, 74 кг;
13. Жамбулов Бекжан, 74 кг;
14. Такиров Алинур, 74 кг;
15. Изабеков Атай, 79 кг;
16. Карыпбаев Нуртилек, 86 кг;
17. Чыныбеков Мирлан, 86 кг;
18. Керимкулов Чынгыз, 92 кг;
19. Сулайманов Сымбат, 97 кг;
20. Нурдавлетов Кунай, 125 кг;
21. Маджинов Русланбек, башкы машыктыруучу;
22. Таабалды уулу Сүймөнкул, улук машыктыруучу;
23. Кыдыев Улукбек, массажист.

Курама команданын мүчөлөрүнүн окуу-машыгуу жыйыны спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган.

Белгилей кетсек, күрөш боюнча Дүйнө Кубогу 2020-жылдын 12-декабрынан 18-декабрына чейин Белград шаарында (Сербия) өтөт.

булак: super.kg