Домой Спорт Аламан улактын батири талашка түштү. Байыш Ниязов байгеси менен бөлүшмөй болду

Аламан улактын батири талашка түштү. Байыш Ниязов байгеси менен бөлүшмөй болду

584

Кара-Суу районунун Савай айылында өткөн ири аламан улактын баш байгесине коюлган батирди эки улакчы бөлүп ала турган болду. Бул туурасында мелдеш өткөргөн Каныбек Акаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 25-январда, 1000ден ашуун чабандестин катышуусунда улак тартыш оюну өттү. Анда башкы соорунга коюлган Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батирди Байыш Ниязов алган. Бирок андан соң талаш жаралып, баш байгеге улакты Акжол Кылычбек уулу таштаганы айтылды.

“Байыштын да, Акжолдун да таштаган салымын эсепке алууну чечтик. Батирди экөө бөлүп алмай болушту”, — деди Акаев.

Талаш эмнеден чыкты?

Оюндун аягында башкы байгелер коюлуп жаткан. Мына-мына батир ойнотулат деп турганда Байыш Ниязов улакты жулуп чыгып ортодогу марага таштаган. Андан соң Акжол Кылычбек уулу эңип алып трибунанын алдындагы марага таштаган. Мындан улам Ниязовго автоунаа, Кылычбек уулуна батир берилмей болгон. Бирок буга Ниязов нааразы болуп чыкты. Себеби ал машина эмес, батир ойнотулуп баштаганда салым жасаганын жүйө келтирген. “Демек, кийинки салым эсепке алынбашы керек болчу” деп ортодо талаш жаралды. Акыры той ээси жана калыстар кеңешип, баш байгени экөөнө бөлүп берүүнү чечти.Бул оюнда байгеге Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир, бир лимузин жана төрт Mercedes-Benz W124 үлгүсүндөгү автоунаалар коюлган. Мындан сырткары, улакчылар тогуз төө, 20 тай жана башка акчалай сыйлыктарды алышты.

Бүгүнкү аламан улакты Новосибирск облусунда Көк бөрү федерациясынын негиздөөчүсү, жеке ишкер Каныбек Акаев өткөрүүдө. Ал үч уулун сүннөткө отургузуп той берип жатат.

Булак: Спутник