Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардын байкоочу кеңештеринин өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу үчүн коомдук кеңештен жардам сурады.
— Көмүскө экономикада 35-40 млрд. сом жатат. Таасирдүү адамдар көмүскөдө акча жасап отурушат. Аны ачыкка чыгаруу коомдук кеңештин колунда. Эгер көмүскөдөгү акчаны чыгарсак көп маселе чечилет, — деди өкмөт башчы.
Абылгазиев тышкы карызды чечүүнүн жолдорун ойлонуу мезгили келгенин белгиледи. Анын айтымында, 2019-жылы бюджеттен 200 млн. доллар тышкы карызга, 200 млн. доллар ички карызга төлөнгөн. 2025-жылы тышкы карыздын 400 млн. долларын төлөө планы бар.
Бүгүн, 25-январда Бишкекте өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев коомдук кеңештин өкүлдөрү менен жолугуп жатат.
Булак: Азаттык