Домой Дүйнөдө АКШ 13 өлкөгө виза берүү боюнча чектөөлөрүн алып салды

АКШ 13 өлкөгө виза берүү боюнча чектөөлөрүн алып салды

63

АКШнын Мамлекеттик департаменти 13 өлкөнүн жарандарына иммиграциялык виза берүү боюнча чектөөлөрүн алып салды. Алардын арасында Кыргызстан дагы бар.

Мындай чараны Ак Үйдүн буга чейинки администрациясы киргизген. Эми ошол тыюудан улам виза ала албай калгандардын көбү чечимди кайра карап чыгууну сураса болот же документтерин кайрадан тапшыра алат, — деп билдирди дүйшөмбү күнү Американын тышкы саясат боюнча мекемеси.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Нед Прайстын айтымында, 2020-жылдын 20-январына чейин виза ала албай калгандар жаңы арыз менен кайрылууга тийиш. Ал эми ошол күнү жана андан кийин арызы четке кагылгандар эч кандай төлөмдөрсүз иштерин кайра карап чыгууну сурай алышат.

Эскерте кетсек буга чейин тышкы мекеменин маалыматы боюнча, 2017-жылдын декабрынан сөз болгон жарлыктын алкагында

АКШга кирүү укугунан 40 миңдей киши ажырап калган.

“Кара тизмеге” киргендердин көбү мусулман мамлекеттери болчу.