Рейчел Сайн тасманы 2018-жылы тартып баштаганын жана ал Айсулуу Тыныбекованын алдыга койгон максаттарына жетерине ишенгенин билдирди.
«Айсулуу өз өлкөсүнүн гана эмес бүтүндөй күрөш дүйнөсүнүн тарыхын кайра жазып жатат. Аталган тасма элдерге кызык болот», – деп айткан ал.
Сайн бүгүнкү күнү дүйнө чемпионун көрүп коюу оңой эле, бирок бул ийгиликке жетүү үчүн анын күрөштөгү 10 жылын көрүү жөнөкөй нерсе эмес экенин да баса белгилеген.
Булак: reporter.kg