УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев президенттик шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу Боршайкомдун расмий сайтына маалымат чыкты.
Саат 21:00гѳ карата БШКга Кыргызстандын президенти кызматына талапкерлигин көрсөтүү үчүн Боршайкомго документ тапшыргандардын саны 62 адамга жетти. Алардын ичинен Бакыт Бакетаев арызын чакыртып алды.