Жалал-абаддык тургун Ош шаарындагы кумарканалардын бирине 700 миң сомун уттуруп жиберди.
Жалал-Абад шаарынын Ж.Нурлан аттуу тургунунун айтымында, 12-ноябрь күнү кумар оюндарына катышып, акчасын уттурган.
«Мен ушул жылдын январь айында «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаамды Ошко келип саткам. Ошол учурда бир таанышым 180 миң сом утуп чыкканын айтты. Мен дагы кызыгып ойноп көрүп, бирок утулуп калдым. Утам деп, кайра-кайра ойной берип, 700 миң сомумду уттуруп жибердим. Карындашымдын операциясына деген акча да кетип калды. Мен бул кумаркананын жабылышын каалайм. 700 миң сом киргизип, бир да жолу уткан жокмун. Бул кумаркана боюнча милицияга арыз жаздым», — деди Нурлан.
Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, оюн-зоок клубдарын жабуу боюнча катуу мыйзам жок.
«12-ноябрь күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы айылынын 1987-жылы туулган тургуну Ж.Н. 700 миң сомун уттуруп жибергени боюнча кайрылган. Бул Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 212-беренеси (Кумар оюндары үчүн көмүскө жай уюштуруу) менен катталган.
Аталган жаран 700 миң сомун уттуруп жибергени аныкталды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Оюн-зоок клубдарын жабуу боюнча катуу мыйзам жок», — деп айтылат маалыматта.
булак: turmush.kg