Домой Саясат 40 миллионго кызыккандар көп

40 миллионго кызыккандар көп

36

Арзыбек Кожошев

Экономика министри Арзыбек Кожошев малды идентификациялоо иштерине бюджеттен 40 млн. сом каралганын жар салды. Ал: “Өкмөт эмдигиче малды идентификациялоону баштай элек. Буга Польша акча берүүдө, парламент буга чейин тиешелүү документти ратификациялаган. Бирок өкмөт тендерде ката кетти деп малды идентификациялоо иштерин создуктурду. Аткаминерлер: “Идентификациясы жок биз малды Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыга албасыбызды түшүнбөй жатышабы?», —  деген мааниде суроо салды. Малды идентификациялоо иштерин күзүндө баштоо пландалып жатыптыр. Бирок, бул кырк миллион сомго тендер жарыяланып, аз сумма сунуштагандар утуп чыгышы керек. Азырынча кызыккандар көп, кимиси өкмөт менен “өзүнчө” тил табышса, ошолор 40 миллиондун кызыгын көрүшмөкчү.