Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаевдин спикерликке өтпөй калышы коомчулукта ар кандай кеп-сөздөргө жем таштады. Белгилүү болгондой, экөө тең 51ден добуш алып, 3 депутаттын добушу жараксыз, 1 депутаттыкы иштен чыгып, 13-14 депутат каршы добуш беришкен. Ал эми “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Тынчтык Конушбаев эч кимге добуш бербей калган, ишеним катын да бир да депутат таштабай калган дешет. Эгер Конушбаевдин добушу “Кыргызстанга” кошулса, балким Исаев 52 добуш менен алдыга чыгып, экинчи турга өтүп калышы толук мүмкүн болчу. Бирок андай болгон күндө да, Исаевге КСДПнын 3төн бир бөлүгү, “Республика-Ата Журттун”, “Бир Болдун” бир топ депутаттары каршы чыгып, дагы оюндан чыгарып салышмак да, мүмкүнчүлүк КСДПга берилмек. Ушунакай биздин кызыктуу саясат.
Ал эми өз ордун сактап калган вице-спикер Нурбек Алимбековго мындай кырдаал жагып турат окшобойбу.