Беларусиянын президенти Александр Лукашенко согуш коркунучунан улам – Польша жана Литва менен чек араларын жапты. Бул тууралуу ал “Беларуссия үчүн” аялдар форумуна күтүлбөгөн сапары учурунда билдирди.
Анын айтымында, бул эки өлкө Беларуссиядагы нааразычылык акцияларын жигердүү колдошот, ошондуктан ал батыш мамлекеттик чек арасын тосууга, ошондой эле “бир тууган” Украина менен болгон чек араны күчөтүлгөн көзөмөлгө алууга аргасыз болгон.
“Чынын айтканда, алар (Польша жана Литва) дагы эмнелерди жасап жиберерин билбейбиз. Бирок, согушту баштап жиберүүгө аларда аз гана арсенал калды”, -деди ал.
Лукашенко Россиянын Коргоо министри жана Президент Владимир Путин менен биргеликте жалпы союздук мамлекеттин коргонуу маселелерин талкуулап, жакында аяктаган “Славян бир туугандыгы” биргелешкен машыгууларынын жаңы, экинчи этабын пландаштырганын баса белгиледи. Мындан тышкары, ал Литва, Польша жана Украинанын жарандарына “жинди саясатчыларды” токтотуп, аймакты аскерий иш-аракеттер театрына айландырбоого чакырык менен кайрылды.