Домой Коом Башкы прокуратура Садыр Жапаровдун бир тууган эжесин экстрадициялоо өтүнүчү Польша мамлекетине качан...

Башкы прокуратура Садыр Жапаровдун бир тууган эжесин экстрадициялоо өтүнүчү Польша мамлекетине качан жиберилгенин айтты

79

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапарова ушул жылдын 22-майында Польшанын аймагынан кармалган. Бүгүнкү күндө аны экстрадициялоо боюнча кайра өтүнүч Польша мамлекетине жиберилген эмес. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда башкы прокурор Курманкул Зулушев айтты.

Ал эми аталган мекеменин эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Райкүл Жапарованы экстрадициялоо боюнча өтүнүч ушул жылдын июнь айында жиберилгенин, Полша тараптан жооп болбогонун, андан кийин кайра өтүнүч жөнөтүлбөгөнүн кошумчалады.

Ички иштер министрлиги тарабынан Райкүл Жапарова издөөгө алынган. Ага карата Октябрь райондук жана Бишкек шаардык соттору тарабынан сырттан чечим чыгарылып, 2014-жылдын 22-октябрында жана 2015-жылдын 3-апрелинде «адалдоо», «алдамчылык», «коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган.

булак: super.kg