Домой Дүйнөдө Жер бергенче, жан бер!

Жер бергенче, жан бер!

401

Жантөрө Сатыбалдиев

Казакстандын Атырау шаарында кайран казак боордоштор наарызы митингин өткөзүштү. Анткени, казак бийлиги “Жер кодексине” өзгөртүү киргизип, июль айынан баштап жерди аукцион аркылуу менчикке сатууга жана чет элдиктерге 25 жылга ижарага берүүгө болот экен. Митингге чогулган казактар катуу капа болушту, катуу ызаланышты, бийлик тарапка оңой эмес сөздөн айтышты.. Ошондо бир байбиче айтты бийлик тарапка багыштап: “Айланайындар, жер деген эне менен барабар, анан энеңерди сатасыңарбы?!” Бул ак сөз, улуу сөз! Митингге полиция көзөмөл кылып турду, бул акция улуксаты жок өтүп жатканын жетекчи тарап эскертти, бирок, күч колдонулган жок. Ошондой болсо да, Назарбаев бул митингдин уюштуруучуларын жоопко тартууну буйруду.

Кыргызстанда болсо небак эле турак-жай менен жерди чет элге 49 жылга ижарага берүүгө боло турган мыйзам чыгарып салышкан. Кээ бир уюм-суюмдар нааразы болгонсуган менен ал чоң иш-чарага айланган эмес. Эми казактардын митингин көргөн кыргыз коомчулугунун нааразы сезими ойгонуп туяктары “тыбырап, ооздору кыбырай” баштады.

Адам баласына, анын ичинде кыргыз баласына Жер деген ыйык нерсе, ошондуктан “Жер-Эне” деген маани чыккан да. Анан “Жер-Энени” сатуу деген, бирөөнө тебелетүү деген эң чоң күнөө эмеспи. 2013-жылы жылма жүрүп баарын жайлап кеткен премьерибиз Жантөрө Сатыбалдиев чет элдиктер жерибизди узак мөөнөткө ижарага алууга жана имараттарды сатып алууга укуктуу деген мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамды таманынан да, тилинен да “чаң чыккан”, ошол кездеги Юстиция министри Алманбет Шыкмаматов даярдаган. Бүгүнкү күндө канча имарат чет элдин колуна өткөндүгү жөнүндө маалымат жок. Андай маалыматты беришпейт экен дешет. Азыр бизден бай турган өлкөлөр толуп жатат. Мына ошолордун жарандары бул жердеги имараттарды сатып алгысы келсе, оңой эле алат. Анан биздин кийинки муунга эмне калат?! Бу жетекчилик эмнеси менен ойлонот болду экен?! Ушул суроого ондогон жылдар бою жооп таппай келем…

Ооба, имаратты кой, жерибиз кемигенден кемийт. Илгери Жантай атабыз кырк байталга баалап казактарга далай жерди кармата бериптир, андан соң Орозбеков дагы бир жерди өзбектерге, кийин Акаев деген чыгып Үзөңгү-Куушту Кытайга берди, Бакиеви чыгып Каркырадан эми бир ирет казактарга карматты, чек ара бөлүшүүдө өзбек тарапка өтүп кеткен жерлер бар дешет. Жок, эми жер бербейли, жер бергенче жан бергенди салт кылалы да аныбыз түбөлүк мыйзам катары жашасын дейли !

 

Баратбай Аракеев