Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова бир нече убакыт Польшада болот. Спортчу аталган өлкөдө эл аралык машыгуулар жүрүп жатканын билдирди.
«Азыркы тапта Польшада өтүп жаткан эл аралык машыгууларыбыздын себеби — Олимп оюндарына даярдануу болуп эсептелет. Андан тышкары, башка салмак категорияларында күрөшкөн спортчу кыздарыбыз эл аралык лицензиялык мелдештерге даярданышууда», — деп жазат ал.
Тыныбекова эл аралык машыгуулар Спорттук олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланып, шарттар түзүлөрүн кошумчалаган.





