Экономика министри Арзыбек Кожошев: “Учуру келгенде казак пансионаттары тууралуу да маселе көтөрүлөт” –деп айтса, коомдук ишмер Аликбек Жекшенкулов тетирисинен кетип: “Биздин өкмөт шашып кеткен жокпу? Бул популизм эмеспи? Бул чечим эл аралык абройго канчалык таасир этет? Себеби, бул пансионаттар кайсы жылы, кайсы чакырылыштагы депутаттардын уруксаты менен Өзбекстанга берилди деген маалыматтар айтылган жок. 1996-жылы Акаев Өзбекстанга барганда, кийин 2006-жылы Бакиев барганда да бул маселелер көтөрүлгөн эмес эле. Бул жакта компенсация маселеси, өзбек тараптын пикири да керек” –деп негедир өзбектерге жан тартып турат. Же Аликбек мырзаны да эчак өзбектер “кучагына” алды беле? Ал эми өзбектердин атын атабаган өкүлү “Азаттык” аркылуу : “1972-жылы “Золотые пески” пансионаты аталган заводдун акчасына курулган, азыр ал заводго акционердик коом ээлик кылат. Ошондуктан бул маселени акционерлер карап, чара көрүшөт деп ойлойм,” –деп эмитен кыр көрсөтүп тургансыйт. Кыязы, өзбектер да бул маселеде өлбөгөн жерде калабыз деп даярданып жатышкан окшобойбу.