Домой Коом Тышкы экспортту колдоо,ишкерлерге ар тараптан көмөк көрсөтүү – ѳкмѳттүн негизги иштеринин бири

Тышкы экспортту колдоо,ишкерлерге ар тараптан көмөк көрсөтүү – ѳкмѳттүн негизги иштеринин бири

48

effexor. SAB_7069

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын 26-июлунда өкмөттүн атайын жумушчу жыйынын өткөрүп, анда “ишкерлерге 2017-жылдын 12-августунда күчкө кире турчу 18 техникалык регламент жөнүндө жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берүү керек”, – деп бул маселе боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди. Аталган регламенттердин учурда ишке ашыруу маселелери боюнча өткөрүлгөн атайын жумушчу жыйынында мындан башка да өкмөт башчысы ЕАЭБге кирип жатканда өзүнө бир катар жоопкерчиликтүү милдеттерди алганын, анын ичинде дал ушул техникалык жөнгө салуу да бар экенин дагы бир жолу баса белгилеп эскертти. Техникалык регламенттердин практикалык ишке ашуусу – бүгүнкү күндө эң маанилүү маселелерден экенин премьер-министр өз сөзүндө баса белгилеп өттү.

Өкмөт башчысынын бул жааттагы өткөргөн жыйынында экономика министри Арзыбек Кожошев, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Горин жана ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов аткарылган иштер боюнча сөз сүйлөштү. Алар өкмөт башчыга техникалык регламенттердин ишке ашырылып жатышын жана сынак лабораторияларынын даярдыгы боюнча маалымат беришти.

Бүгүнкү күнгө карай өкмөттүн белсемдүү иш-аракеттеринин натыйжасында ЕАЭБдин техрегламенттеринин нормаларын ишке ашыруу боюнча жумуштар аткарылууда. Алсак, 97 норманын ичинен 92 норма боюнча улуттук мыйзамдардын адаптациясы жыйынтыкталды. Калгандары тууралуу да тиешелүү нормативдүү-укуктук актыларды иштеп чыгуу жасалууда. Айтор, бул жааттагы маселелер көз жаздымда калган жок.

Сооронбай Жээнбеков башында турган министрлер кабинетинин тышкы экспортту колдоо, өлкөбүздөгү ишкерлерге ар тараптан көмөк көрсөтүү негизги иш-аракеттеринен экендиги көпчүлүккө белгилүү. Аталган жыйында бул жаатта да сөз козголуп, ЕАЭБ базарларына азык-түлүк продукцияларын ташыган ата мекендик экспортерлор Евразиялык экономикалык бирикменин техрегламенттеринин талаптарына ылайык иштеп жаткандары бир ооздон белгиленди. Ошондуктан, алар бул регламенттерди киргизип жатканда эч кандай ыңгайсыздыктарды деле сезишпейт. Ошондой эле ишкерлерге “өткөөл мезгил” берилди, тагыраагы, 2017-жылдын 12-августуна чейин азык заттарга берилген сертификаттар дагы эки жыл жарактуу болот. Ошондо 2019-жылдын 12-августуна чейин ишкерлердин ашыкча тынчын алуу болбойт. Бул албетте, көпчүлүк ишкерлерди кубандыруусу турган иш.

Өкмөттүн мындай көңүл жылытчу иштеринен соң өлкөнүн ишкердик ассоциацияларынын өкүлдөрү бул процесске катышкан баардык мамлекеттик органдарга ыраазычылык билдиришти. Албетте, азыркы өкмөттүн ишинин натыйжалуулугу үчүн. Алар бул багыттагы биргелешкен жемиштүү ишти белгилеп өтүштү.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков күчүнө кирип жаткан ЕАЭБ техникалык регламенттерин ишке киришүүсүн жана Кыргызстандын мыйзамдарынын аларга адаптация болуусун тездетүүнү тиешелүү орган өкүлдөрүнө тапшырды. Мындан сырткары, ишкерлик жана экспортерлордун арасында кеңири маалымат компаниясынын улантуу дагы тапшырылды.

Бүгүнкү күнгө карай өлкөбүздөгү 33 сынак лабораториясы жана 11 сертификация органдары ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизилген. Кыргызстандын болгон лабораториялык инфраструктурасын жаңылантуу барган сайын жасалууда. Үстүбүздөгү жылдын 29-майынан баштап Ош сынак, сертификация жана метрология борборунда оңдоп-түзөө иштери башталган. Сынак базасын жаңылантуудан кийин толугу менен азык-түлүк продукциясына, жеңил өнөр жай продукциясына, балдар товарлары жана оюнчуктарга техникалык регламенттер толугу менен жабылат. Бишкек жана Ош шаарынын ветеринардык лабораториялары 2 млн. АКШ долларынан ашуун суммага заманбап лабораториялык жабдыктарды алышты. Мамлекеттик казынадан ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу жана жаңылантууга 54 млн. сом бөлүнүп берилди. Кыргызстандын 28 компаниясы мындан ары ЕАЭБ өлкөлөрүнө товар ташый алган ишканалардын реестрине киргизилди. Дагы 7 ата мекендик ишканаларды киргизүүгө арыз берилди.

Өкмөт башчысы өзү маани берип, атайын жумушчу жыйын өткөргөн дал ушул техникалык регламенттерди киргизүү маселесин ыкчам чечүү максатында өлкөнүн министрликтери жана ведомстволорунун жетекчилеринин орун басарларынын катышуусу менен штаб түзүлдү. Бүгүнкү күндө ал штаб экономика министрлигинин негизинде үзгүлтүксүз иштеп жатат.