Домой Маек Арзыбек Кожошев: Мамлекеттик деңгээлде кепилдик фондун түзүп жатабыз

Арзыбек Кожошев: Мамлекеттик деңгээлде кепилдик фондун түзүп жатабыз

110

Арзыбек Кожошев

— Арзыбек мырза, азыр сиз жетектеген министрликтин аткара турган функциялары бир топ көбөйдү.  Мындайча айтканда, “монстр” министрликке айланды окшойт. Алгач, жаңы функциялар боюнча жалпы окурмандарга түшүнүк берсеңиз?

— Жакшы болот. Биздин министрликтин функциясы абдан чоң, 16 тармак боюнча иш аткарабыз. Бүгүнкү күндө: Монополияга каршы агенттиктин, Улуттук энергохолдингдин, Энергетика жана өнөр жай министрлигинин саясаттары бизге берилген, бул багыттар боюнча тиешелүү мыйзамдарын биз чыгарабыз ж.б. Мындан тышкары: макро-экономикалык туруктуулук, инвестиция, ишкерлерди колдоо, экспорт, баалар боюнча саясат, салык саясатын, фискалдык саясатты да биз жүргүзөбүз, ошондой эле ЕАЭСтин толук саясатын ишке ашыруу да биздин милдет. Учурда, мисалга өкмөттө 5 маселе каралса, ошонун үчөө бизге тиешелүү болот да. Биздин министрлик өкмөттүн бекитилген планынын 33-34 пайызын аткарып жатат. Ошондуктан көп учурда бир бутум парламентте, бир бутум өкмөттө болуп, эч тыным жок. Чынын айтканда, мен бул министрликке абдан татаал мезгилде келдим. Мен парламентте депутат болуп эле олтурайын деген ниетим бар болчу, бирок менин буга чейин топтогон тажрыйбама карап, биздин партиянын чечими менен ушул министрликке келип калдым. Мен өмүр бою Каржы министрлигинде иштеп келгем, ал министрлик менен бул министрликтин айырмасы абдан чоң экен. Ал жакта негизги иш каражат болсо жасалат да, жок болсо жасалбайт дегендей. Экономика министрлиги болсо акча болсо да, болбосо да, жалпы экономиканын бардык багыттары боюнча саясат жүргүзүшү керек.

— Негизги ишти эмнеден баштадыңыз, кайсы багытка көбүрөөк көңүл бурулуп жатат?

— Бүгүнкү күндө биз 8 айдан бери ЕАЭСтин мүчөсүбүз да, андыктан биз айыл чарба ж.б. тармактардан өндүрүлгөн продукцияларды экспорттоону көбөйтүшүбүз керек. Мына ушул маселеге көбүрөөк көңүл буруп жатабыз. Биздин тиешелүү мыйзамдарды ЕАЭСтин мыйзамдарына (мыйзамдардын жоболору абдан көп да) шайкеш келтирүү зарыл, буга убакыт керек, мына ушул багытта иштеп жатабыз. Учурда Орусия менен Казакстанда кризис биздикинен да чоң болуп жатат. Мисалы, бизде жылдын жыйынтыгы менен ИДПбыз 3,5 пайызга өсүш болсо, Орусияда 4 пайызга чейин төмөндөдү. Казакстандыкы башында жакшы көрсөткүчтөргө ээ болуп турган, бирок теңгеси түшүп кетип, 1,2 пайыз эле өсүшкө жетишти. Жалпысынан биздин соода жүгүртүүбүздүн 45 пайызы ушул эки мамлекетке тыгыз байланыштуу. Буга карабастан, ЕАЭСке кирген мамлекеттердин ичинен былтыр жылдын жыйынтыгы боюнча экономикабызды туруктуу кармаган биз болдук.

— Жакында эле Москвага бардыңыз, эмне маселе чечип келдиңиз?

— Москвада Орусиянын өкмөтү “Фуд-Сити” деген айыл чарба борборун ачты. ЕАЭСке кирген мамлекеттерге 350 кв. метр аянтча берилип, ал жерден өздөрүнүн өндүргөн азыктарын ортомчумсуз түздөн-түз сата алышат. Биздин дыйкандарга да ал жер жакшы мүмкүнчүлүк болуп калат десек болот. Анткени, Нарындан же Баткенден каалаган дыйкан өз (эт, картошка, өрүк, алма ж.б) азыгын алып барып, ошол жерге коюп койсо болот. Эгер анын азыгын ишкерлер жактырса, түзмө-түз, эч ортомчусу жок сата алат. Биз менен кошо 30 дыйкан барып, ал аянтчага өз азыктарын коюп келишти. Эң негизгиси, дыйкандарга өз ишин кеңейтүүгө биринчи кезекте акча керек да. Азыр Кыргыз — Орус өнүктүрүү фонду күчөп иштей баштады. Быйыл бул фонд 5 млрд. сомго чейин насыя беребиз деп турат. Мөөнөтү 5 жыл, 12 пайыздан берилет, биринчи жылы пайызын төлөбөйт. Бул да жакшы мүмкүнчүлүк болот.

— Учурда биздин рынокко Казакстан менен Орусия ар кандай товарларды толтуруп салды. Биздикилер болсо атаандаштыкка туруштук бере албай, өндүргөн азыктарын эч жакка сата албай, сыртка чыгара албай, банкрот болуп башташты. Бул багыт боюнча кандай иштер жүрүп жатат?

— Бул маселе боюнча өкмөт иштеп жатат. Мисалы, Казакстандан биздин рынокко ун көп келди да. Бирок, алар бизге өз баасын туура көрсөтпөй киргизүүгө басым кылышууда. Алар чек арадан өтүп жатканда “ундун 1 килосун 3 сомго алдык” деп көрсөтүшөт, ошого жараша салыкты төмөн төлөп жатышат. Ушинтип, биздин өзүбүздүн дыйкандарды кыйнап жатышпайбы. Бирок андай баа эч жерде жок да, биздин базардан орто эсеп менен 1 килограммын 15 сомдон сатышат. Азыр биз бул маселеге атайы ыкма менен көзөмөл киргиздик. Эми мындан ары, базардагы баа эсепке алынып, 1 кг. 3 сом деп алдап алып кирип жаткандарга, салыкты килограммын 15 сомдон деп туруп эсептейбиз. Ошондо бул маселе тартипке келет. Негизи ушу күнгө чейин, Казакстандан канча тонна ун киргени боюнча бизде так маалымат жок жана ушундай көрүнүштүн айынан бюджет 1 млрд. сом жоготту деген божомол бар.

Жаңы өкмөт башчыга биз кепилдик фонд түзүү боюнча сунуш киргиздик, Сооронбай Шарипович бул маселени колдоого алды. Кепилдик фонд боюнча бизде жакшы мыйзам бар. Мисалы, насыя алууда сиздин 100 миң сомго кепилдигиңиз бар, дагы 100 миң сом алууга эч кепилдикке коө турган күрөөңүз жок болсо, анда аталган кепилдик фонду кепил болуп бере алат. Ал үчүн кардар болгону: карызы жок, таза, ишенимдүү иштесе жетиштүү болот. Бүгүнкү күнү өлкө боюнча 6 кепилдик фонду иштеп жатат. Эми биз мамлекеттик деңгээлде орто жана чакан фондуна кепилдик фондун түзүп жатабыз. Ал жерде 100 миң сом тууралуу эмес, 5 млн. тууралуу кеп болот. 3 млн. сомго кепилдигиңиз бар, калган 2 млн. сомуна кепилдигиңиз жок болсо, анда мамлекеттик кепилдик фонду өзү кепилдикке өтүп, сиздин бизнес — планыңызды карап чыгып, ага жараша банк акчаны берет, банктан сиз аласыз. Жакын арада муну ишке киргизебиз. Мындан тышкары, дыйкандарга насыя берип жатпайбызбы, анын шарттарын бир аз жеңилдеттик, мисалы мурун 100 миң сомду күрөөсүз берчү эмес да, эми мындан ары дыйкандар андай акчаны эч кандай күрөөсүз ала алышат. Ал үчүн насыя алуучу кардарга айылдын бир аксакалы же айыл өкмөтү кепилдикти өзүнө алышы керек.

— Жалпы инвестиция маселеси боюнча эмне айтасыз? Былтыр канча болду эле, быйыл канча көлөмдө тартууну максат кылып жатат?

— Өткөн жылы жалпысынан 815 миллион болгон. Бул 2014-жылга караганда жогору. Көбүнчө инвестиция тоо-кен тармагына тартылып жатат. Ал эми быйыл деле былтыркыдай көрсөткүчтөн кем болбойт деп турабыз. Мисалы: быйыл Иштамберди жакшы иштеп кетсе, Жерүй кенине дагы курулуш иштери башталып жатат, буйруса бул жагынан да жакшы болот. Түркиядан түз инвестиция тартылып,  Кара-Балтада кийим тигүүчү фабриканын курулушу жүрүп жатат, сентябрь айларында ишке кирип калат. Ага 25 млн. доллар инвестиция тартылды. Буйруса, 250 адам иштейт. Негизи биздин инвестициялык мыйзамдарыбыз абдан жакшы. Кечээ жакында эле, бизге Дубайдан ишкерлер келип кетишти. Алар биздин тоо-кен тармагын, айыл чарба азыктарын, бал, энергетика тармагын да карап, абдан жактырышты. Эми алар өздөрүнчө комиссия түзүшүп, бизге инвестиция сарптоо маселеси менен май айында келишет. Кудай буйруса, бул жагынан да жакшы үмүттөрүбүз бар.

— Кризис этек-жеңден алып турганда, биздин экономикалык көрсөткүчтөрүбүз жылдын аягына чейин канча болот?

— Жылдын бюджети кабыл алынып жатканда жыл аягына чейин биздин экономикалык көрсөткүч амбициялык план менен 5,2 пайыз болот деп максат кылганбыз. Бүгүнкү күндө ахыбалга карап, үч багыт боюнча өкмөт ичинде иштеп чыктык, базалык көз караш менен алганда көрсөткүч 3 пайыз болушу керек. 3 пайыз дүйнөдө кризис болуп жатканда, жакшы көрсөткүч болуп эсептелет да.  Эгер начар жагынан алсак 1, 8 пайыз болот, ал эми баары жакшы болуп кетсе, анда 5 пайызга жетет. Азыр бизде жогоруда айтылгандай, 5,2 пайызга жеткирүү планы бекитилген.

— Кара-Балтадагы “Жунда” нефти чыгаруучу заводу боюнча айтсаңыз? Ал жердеги чыр басылып, баары ордуна келдиби? Пайдасы кандай болуп жатат?

— Ал ири заводдогу чыр-чатакты  мен толук айта албайм, аны тергөө алган укук коргоо органдары айтса туура болот. Негизи инвестиция тынч мамлекеттерге келет. Башка өнүгүп жаткан мамлекеттерде инвесторлорду кудай катарында көрүшүп, абдан сыйлашып, бардык шарттарды түзүп беришет. Тилекке каршы, бизде андай болбой жатпайбы. Белгилүү болгондой, биз канча жылдан бери “Кумтөр” маселесин абдан эле саясатташтырып жибердик. “Жунда” да чачын ал десе, башын ал деген саясат болуп кетти окшойт. “Жунда” быйыл 250-300 миң тоннага чейин продукция чыгарабыз деп пландап турат. Эгер бул көрсөткүчтү толук аткарышса, анда абдан жакшы болот. Өткөн жылы дагы ушул көрсөткүчкө жакын болгон. Бир гана айтып койчу нерсе, азыр бул заводдун кайсы бир өлкөдөн нефти алып келүү боюнча келишими жок болуп жатат. Негизинен, бул завод бюджетке салык маселеси боюнча 70-80 млн. сом каражат төлөйт. Бүгүнкү күндө завод иштеп жатат, бирок чыр маселеси толук жабылды деп айта албайм

— “Кумтөр” боюнча маалымат берсеңиз? Аталган кен тармагынын пайдасы, кирешеси кандай болуп жатат? Негизги, келишим маселеси качан чечилет?

— Мен азырынча “Кумтөр” кени боюнча саясый көз караштарды, чечимдерди айта албайм. Бирок, экономикалык пландарын учкай айтып коөюн. Былтыр 16 тонна алтын казышты, быйыл деле ошондой көрсөткүчтүн тегерегинде болот деп турушат. Мисалы, 3 айда 3 тоннага чейин алтын казышса, азырынча андай болбой жатат, жыл башынан бери 2 тонна эле алтын казышты. Бирок алар сентябрдан баштап, көлөмдү көбөйтөбүз деп турушат. Негизи, “Кумтөр” салык катары 5 млрд. сомдун тегерегинде пайда келтирет. Өндүрүштүн ичинде “Кумтөрдүн” 10 пайыз таасири бар. Мисалы, азыр “Кумтөрдү” кошпогондо биринчи квартал боюнча өсүш 100 пайызга жетти. Эгер “Кумтөрдү” кошсок, 95 пайыз болуп калат.

— Кара-Кечеге ТЭЦ куруу маселесине эмдигиче инвесторлор чыкпай жатканы боюнча эмне айтасыз?

— Бул маселенин мөөнөттөрү жана жоболору бир аз катуу жазылып калган да. Азырынча бир да инвестор арыз берген жок. Чынында бул долбоор абдан чоң, каражаты 2 млрд. долларды чапчыйт.

— Соңку суроо болсун. Көмүскө экономиканын көлөмү бүгүнкү күндө канча пайыз?

— Биз бул маселе боюнча так эсептөө жүргүзө элекпиз. Бирок, 2012-жылы Дүйнөлүк банк 39 пайыз деп белгилеген болчу. Кээ бир эксперттер 50 пайызга жетет деп айтып жатышат. Көмүскө экономиканы азайтуу маселеси ар бир жараныбыздын мекенчил болгондугуна тыкыр байланыштуу да. Мындан тышкары, текшерүүлөрдү азайтуу керек. Азыр ар кандай мүлктөрдү доллар менен эмес, сом менен сатуу маселеси ишке кирип жатпайбы, бул да көмүскө экономиканын азайышына жакшы жардам берет. Азыр биз мамлекеттик текшерүүлөрдү иретке келтирип койдук, ал эми укук коргоо органдары текшерүүлөрдү иреттеш керек.

Айбек Шамшыкеев