АКШда 20 жыл мурда жашаган Пржевальский жылкысынын клонун жаратышты. Бул убакыт аралыгында аттын гени муздаткычта сакталып келген. Кулун августта Калифорниядагы зоопарктардын биринде туулду.
Окууштуулар муну чоң жетишкендик деп, кызыл китепке кирген аттын түрүн кайра көбөйтүү мүмкүнчүлүгү жаралганын белгилешти. Кошумчаласак, Пржевальский аты жаратылыштагы жалгыз жапайы ат. Аны биринчи жолу окумуштуу жана географ Николай Пржевальский 1878-жылы тапкан болчу.