Домой Коом Кубакы ашуусунда унаа оодарылып, 25 жаштагы жигит каза болгон жерден тартылган сүрөттөр

Кубакы ашуусунда унаа оодарылып, 25 жаштагы жигит каза болгон жерден тартылган сүрөттөр

60

Кочкор районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 175-чакырымында “Volkswagen Polo” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, оодарылып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен 1995-жылы туулган жигит каза болгон.

ӨКМнин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.