Интернеттеги социалдык тармактарда жүрүп жаткан виртуалдык митингдин катышуучулары 13 жашар кызды зордуктоо үчүн айыпталып жаткан үч адамдын экөөнү актап, үчүнчүсүнүн күнөөсүн жеңилдеткен чечим чыгарганы үчүн Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Содонбековго кызматтык иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылышууда. Виртуалдык митинг «Фейсбук», «Твиттер» жана «Инстаграм» социалдык тармактарында жүрүп жатат.
Виртуалдык митинг боюнча жарандык активисттер, аялдардын укуктарын коргоочулар жана катардагы жарандар демилге көтөрүшкөн.
11-декабрда Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Содонбеков 13 жашар кызды зордуктаган деп шек саналган 45 жаштагы Урмат аттуу адамдын айыбын жеңилдетип, башка берене менен соттогон. Cот ага карата «Зордуктоо» беренеси менен козголгон кылмыш ишин «Жашы жете электерге карата жыныстык аракет» беренесине которуп, 7,5 жылга эркинен ажыраткан.
Ал эми зордуктоо боюнча шек саналган Жолдошбек жана Эржан аттуу адамдарды сот буга чейин «иштин курамында кылмыш жок» деген жүйө менен актап жиберген. Кыздын адвокаты жана атасы судья Содонбековдун чечимине каршы апелляциялык арыз жазарын билдиришүүдө.
Жакындарынын айтымында, кызды бул үчөө көптөн берип зордуктап келишкен, видое менен коркутуп, шантаж кылышкан. Ишти кыздын жакындары ал кош бойлуу болуп калганда гана билишкен.