Домой Коом Ошто прокурор мас абалда сотко катышып, терезенин тосмосун сындырып качып кетти -Видео

Ошто прокурор мас абалда сотко катышып, терезенин тосмосун сындырып качып кетти -Видео

59

12-декабрда Венера Касымова аттуу «Фейсбук» колдонуучусу өзүнүн баракчасына «мас абалда сотко катышкандан кийин, терезенин тосмосун сындырып качып кетти» делген прокурор жаатындагы тасмаларды жүктөгөн.

Ал: «Мына биздеги Ош облусундагы мыйзам өкүлдөрү. Курманкул Зулушев кайда карап олтурасыз? Кызматкерлериңиз мас абалында элди соттотуп жүрөт. Видеодогу сот терезеден прокурорду качырган», — деп жазган.

Видео тасмадан аял кишинин: «Мас абалыңда менин баламдын тагдырын чечтиңби, сөзүңдү сүйлөй албай, кагазыңды окуй албайсың, керектүү кызматтарга кайрылам», — деп беткапчан кишиге кайрылып жатканын көрүүгө болот.

 

https://www.facebook.com/100024230312509/videos/pcb.847811179369885/847811052703231/

https://www.facebook.com/100024230312509/videos/pcb.847811179369885/847811136036556/