Домой Ден-соолук
370

Көпчүлүк көңүл бура бербеген оорунун түрү бар. Ал – ич катуу. Болбогон нерседей сезилген оору операцияга, ракка чейин жеткизип жаткандыгы менен коркунучтуу. Бул оору тууралуу маалыматты Бишкектеги №1 клиникалык оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы Акылбек Мусаев берет.

– Адам жашаш үчүн тамактанат. Тамак-аш ашказанга барып эрип, майдаланат. Эрип, майдаланган зат “хумус” деп аталат. Хумус 12 эли ичегиге, андан чыгып ичке ичегиге барып, керектүү азык-заттар организмге сиңет. Сиңгенден калган тамак-аштын калдыгы жоон ичегиге барат. Ал жактан суу сиңирилип, калдыктардан заң жаралат. Заң түз ичеги аркылуу сыртка чыгарылат.

Кайсы бир себептерден улам ушул процесс бузулса, заң убагында сыртка чыкпай ич катуу жаралат. Дүйнө элдеринин 15 пайызы ич катуудан жабыркайт. Адам ичин аптасына 3 иреттен кем бошотуп баштаса, анда ич катуу деп саналат. Эгер мындай көрүнүш 6 айга уланып кетсе, өнөкөт ич катуу деп эсептелет. Сыртка убагында чыкпаган заңдардан заң таштары жаралат. Алар уктаар алдында ичегидеги заттардын ары жылышына тоскоол кылып, ич катууга алып келет. Жоон ичеги каткан заңдардан улам чоюла баштайт. Ичегинин чоюлуп калган жеринен заңдын жылып өтүшү абдан кыйындайт. Заңда көбөйгөн бактериялардын бөлүп чыгарган уулары бүт организмге тарайт, ичегинин капталдарын сезгентет. Мындан улам боор, өпкө, бөйрөк, жүрөк чыңалып иштей баштайт да, акырында оорулар пайда болот. Айталы, жүрөк-кан тамыр, тери, аллергия сыяктуу оорулардын, беттеги бүдүр, безеткилердин себепкери – ич катуу.

Сезгенген ичегинин жыйынтыгы рактын жаралышы менен аяктоосу мүмкүн. Ичегиде рак болсо адамдын ичи каткандан тышкары арыктайт, заңы менен кошо кан чыгат.

Каткан заңдар топтоло берип ичеги бүтөлүп калса операция жасалат. Андыктан өнөкөт ич катуудан жабыркагандар олуттуу дартка чалдыкпашы үчүн убагында текшерилип, дарылануулары зарыл. Текшерилүүдө ичегини колоноскоп аппаратынан (ичегинин УЗИси) өткөрүү керек.

Ич катуудан эркектерге караганда аялдар көп жабыркайт. Мунун башкы себеби – аялдардын этек кири келерден 12-13 күн мурун прогестерон гормону көбүрөөк бөлүнүп чыга баштайт. Мунун таасиринен ичегилердин капталдары бошоң тартып, ич бошотуу кыйындайт. Ушул себептүү ич катуу – аялдар үчүн “капкан” деп аталат.

ДАРТТЫН КЕЛИП ЧЫГУУ СЕБЕПТЕРИ

  • Туура эмес тамактануу (узакка ачка жүрүп анан абдан тоюп алуу, уктаар алдында тамак ичүү, таттуу, күчтүү жана камыр тамактар, фастфуддар менен көп тамактануу, кургак тамактануу).
  • Сууну аз ичүү (сууну аз ичкенде организм кургай баштайт, мындай учурда жоон ичеги өзүнө келип түшкөн тамак-аш калдыгындагы сууну өлчөмүнөн көп сиңирип алып, заң катат).
  • Аз кыймылдуулук, ичегинин сууктан жана инфекциядан улам сезгениши.
  • Узакка диета кармоо.
  • Ичегидеги мите курттар.
  • Курамында клетчатка бар азыктарды аз колдонуу.
  • Ичегилердин оролуп же жабышып калышы (ич көңдөйгө жасалган операциядан кийин жабышып калат, мисалы, кесарево жолу менен төрөө, аппендицитти же өттү алдыруу), ичегилердин узарып кетиши.
  • Ичегинин булчуңдарын иштетүүчү нервдердин иштен чыгуусу.
  • Дисбактериоз, гиршпрунг оорусу (жоон ичегидеги нервдердин тубаса жок болушу).
  • Курамында танин көп азыктарды көбүрөөк колдонуу (кара жана көк чай, кызыл шарап, какао, чечевица, нокот, анар, курма, жер жаңгак, жаңгак, кешью).
  • Кош бойлуулук (ичтеги түйүлдүк чоңойгон сайын ичегилерди кысат).
  • Ичтин грыжасы, ичегинин рак жана полип оорусу, холецистит.
  • Белдеги жаракат, грыжа (омурткадан чыккан нервдер ичегини жакшы башкара албай калат).
  • Стресс, баш мээнин оорусу, кант диабети.
  • Ооруну сездирбөөчү күчтүү дарылар.
  • Геморрой, көтөн чучуктагы жаракалар (ыйынганда ооруткандан улам кээ бирөөлөр дааратканага убагында барышпайт).

ИЧ КАТУУНУН БЕЛГИЛЕРИ

  • Баш ооруйт, куску келет, теринин абалы начарлайт, бетке бүдүрлөр чыгат.
  • Ичтин көбүшү, чыйрыгуу.
  • Ойлоонун жана ишке жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү.
  • Ооздон жаман жыт чыгат.
  • Иммунитет төмөндөп, организмдин инфекцияларга туруктуулугу азаят.
  • Ич бошоткондон кийин дагы калып калгандай сезим болот.

ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ

  • Майлуу, камыр, бат даярдалуучу тамактарды, газдалган суусундуктарды жана таттуу азыктарды өтө аз колдонуу.
  • Курамында клетчатка көп азыктарды колдонуу (кара нан, сары өрүк, малина, кара карагат, жемиш кактары, зайтун мөмөсү, шабдалы, жүзүм, жүгөрү, сабиз, бадыраң, капуста, болгар калемпири, инжир, сулу, ит мурун, көк пияз, буурчак жана башка).
  • Көбүрөөк кыймылдоо (кеңседе отуруп иштегендер жумуштан кийин 3-3,5 чакырым жөө басышы же фитнес менен машыгуу зарыл. Бош күндөрдө тоого чыгуу, спорттук оюндарды ойноо сунушталат).
  • Ичегинин рак оорусунун алдын алып, жылда 1 ирет колоноскопиядан өтүү.

ИЧ КАТУУДА ЖАРДАМ БЕРЧҮ КАРАЖАТТАР

1. Кара өрүк (жаңы бышканы, компоту, кагы). Бул ич катуунун алдын алуучу №1 каражат. Күнүгө жок дегенде 7 даана кара өрүк жеш керек. Эскертүү: кант диабети жана жогорку кан басым оорусу барларга болбойт!

2. Көк чөптөр жана брокколи. Брокколинин курамында клетчатка көп. 100 граммы 1 суткалык клетчатканын ордун толтурат. Клетчатка организмде аш болбойт жана сиңбейт, бирок ичегиде суу менен кошулганда көөп, өзү менен кошо заңды сүрүп чыгарат. Ошондуктан клетчатка ичегинин щёткасы делет.

3. Кебек (буудайдыкы). Стакандагы сууга салып, аралаштырып, тыныктырып койсо көөп чыгат, муну ичүү керек. 1 күндүк норма – 30 грамм.

4. Суу. 1 күндө 2 литр ичүү керек.

5. Клизма, гидроколонотерапия.

Булар жардам бербесе…

1. Дарылар (лактулоза, макрогол, магний сульфаты). Булар суюктуктун жоон ичегиде кармалышын камсыз кылып, заңдын жумшарышын шарттайт.

2. Ич жумшартуучу жана айдоочу каражаттар (сенна, бисакодил). Буларды узакка ичсе ичеги көнүп, булчуңдары жакшы иштебей баштайт. Дарыгер канча күн ичүүнү сунуштаса, ошончо күн гана ичүү туура.

3. Операция.

Канымжан Усупбекова
https://www.super.kg/article/show/48843