Бүгүн Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы Кундуз Жолдубаева чулгандуу Курсан Асановду чаап түшкөн пакет жөнүндө үн катты. Анын айтымында, мурдагы президент пакетти адвокат Сергей Слесаревге тапшырып койгула деп аманат катары тапшырган.
«Баштыкты бардык видеодон көрүүгө болот. Ичинде документтер бар болчу. Ары-бери көтөрүп жүрө берип, кармагычы да айрылып калган эле. Ага эч ким көңүл бөлүп, сураган да эмес. Эртеси «кана пакет» болуп жатып калды. Анын айынан менин үйүмдү дагы тинтүүгө алышты. Ичинде бриллиант болгон дегендер да чыкты, бул логикага жатпаган нерсе. Баалуу нерсени ары-бери көтөрүп жүрмөк белек?» — деди Жолдубаева.
Чынында эле Асановду кызматтан алуу үчүн пакеттен башка нерсе ойлоп табышса болмок экен.