Домой Коом Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев өз каалоосу менен кызматтан кетти

Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев өз каалоосу менен кызматтан кетти

100
Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев кызматтан кетти. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы өз баракчасына жазды.
Аткаминер кызматтан кетишинин себептерин түшүндүргөн жок. Бирок, анын айтымында, ал элге кызмат кыла бермекчи.

“Мен бүгүн өз каалоом менен Ысык-Көл районунун администрациясынын башчысы- акими кызматынан кетүүнү чечтим. Ушул төрт жылда өлкө жетекчилигинин жана өкмөттүн колдоосу, тапшырмасы менен көптөгөн жакшы иштер жасалды. I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө акимдин орун басары катары, калган экөөнү аким катары ийгиликтүү өтүшүнө мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче далалат көрдүм жана эмгегибиз акталып аталган иш-чаралар жакшы өттү. Чолпон-Ата шаарындагы ат-спорттук ипподрому курулду. Районубуздун көпчүлүк айылдарында бала бакча, мектептер салынды. Таза суу тартыш айылдарды суу менен камсыздоо иштери алгылыктуу жүрүп, жолдор төшөлдү. Ирригация системаларынын куруу боюнча ири долбоорлор ишке ашты. Айтор көптөгөн инфраструктуралык иштер аткарылды”, – деди ал.

Анын айтымында, эл үчүн жасалуучу иштер дагы да бар. “Эми аларды жасоону башкаларга берели. Жаңыча көз-караш, жаңыча ой жүгүртүү менен, калк үчүн кызмат кылууга даяр болгон инсандарыбыз арбын. Биз аларга өз мүмкүнчүлүгүн сынап көрүүгө жол беришибиз керек деп ойлойм”, – деп билдирүү калтырган.