Домой Саясат Видео -Сот Атамбаевди абактан УКМКнын тергөө абагына которууну чечти

Видео -Сот Атамбаевди абактан УКМКнын тергөө абагына которууну чечти

58

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 10-декабрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев №47 абактан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин  тергөө абагына которуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул маалыматты аталган соттун басма сөз кызматы ырастады.

Бүгүн Атамбаевдин тарапташары анын үй камагына чыгарыш керек деген талап коюп, сот имаратынын алдына чогулушкан

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев сот бул чечимди 7-декабрь күнү тараптардын катышуусуз кабыл алып, бүгүн болгону ошону жарыялап койгонун айтты. Ал 10-декабрдагы соттук отурумда мурдагы президентти үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтиргенин, сот аны четке какканын да тактады.