Домой Коом ВИДЕО- Сеид Атамбаев: “Сейтек экөөбүз эки бөлөк өстүк”

ВИДЕО- Сеид Атамбаев: “Сейтек экөөбүз эки бөлөк өстүк”

2451

Теле алып баруучу Назира Айтбекова экс ажо Алмаз Атамбаевдин тун уулу Сеид Атамбаев менен болгон видео маегин жарыя кылды. 

– Кадыр Атамбаев менен жылуу мамиледе экениңиз суктандырды.

-Ата-энебиз эки айрылыш жолго кандайдыр бир себептер менен түшүп кетсе да атабыз бир. Жакшылык жамандыктарда дайым чогуубуз. Кичинекей кезибизден тарта эле атамдарга каралашып алар иштен бошой албай калса Кадырды алып паркка чогуу сейилдечүбүз.

-Апаңыз турмуш курганбы?

-Апам турмуш курган. Анын ат жөнүн ачыктабай эле коёюн. Атам да, апам да өздөрүнчө бактылуу болгону жакшы эле кабыл алдык. Бири-бири менен ынтымакта жашаса эле болду. Биз чоңойдук. Өзүбүздүн бала-чакабыз бар. Ал нерселерди туура кабыл алып түшүнөбүз.