Домой Коом ВИДЕО: Жайыт талашпай, намыс талашалы

ВИДЕО: Жайыт талашпай, намыс талашалы

114

Бир канча убакыттан бери Кочкор районунун малчылары менен Нарын районунун Жерге Тал, Миң Булак айыл өкмөттөрүнүн малчыларынын ортосунда жайыт талашка байланыштуу чыр орун алууда. Маселен, кечээ жакында Нарын районунун Жерге Тал айыл өкмөтүнүн тургундары Кум-Бел жайлоосуна келе жаткан Кочкор районунун көчүн токтотуп, жайлоого бараткан жолду бууп, өткөрбөй коюшкан жайы бар. Адатта кыргызда көчтүн жолун тоспой, сый-урмат менен мамиле кылып келишкен. Бул өңүттөн алганда төмөнкү видео абдан маңыздуу экендигин белгилеп коюу абзел.