Редакциядан: Жакында биздин сайтка уролог Бактакунов Калдарбек агайдын маеги жарыяланган. Ал маек окурмандар көп окулуп, көп пикирлерди жазышкан. Ошондой эле, бир топ адамдар өздөрүнүн көпчүлүккө айта албай, жашырып жүргөн оорулары тууралуу суроолорду редакцияга калтырышкан. Эмесе, ошол суроолордун айрымдарына урология боюнча көп жылдык тажрыйбасы бар адис төмөндөгүдөй жоопторду берди. Урологго уялбай кайрылыңыз! Сиздин сурооңузга уролог Калдарбек Бактахунов жооп берет.
Малик, Сокулук районунан
-Калдарбек агай, жашым болгону 42 де. Түнкүсүн тез- тез заара кылып жатам. Кантип дарылансам болот? Кеңири маалымат берип коёсузбу?
-Сиз биринчи ирет урологго кайрылганыңыз туура болот. Сиздин ооруңуздун негизги себебин так аныкташ үчүн кошумча анализдер менен кошо табарсыгыңызды, эркектик жыныстык бездерди жана гиперплазия оорусу башталып калбады бекен, ал үчүн терең текшерүүдөн өткөрүү керек. Эгер Бишкекте болсоңор мага кайрылсаңар болот.
Айдар, Каракол шаары:
-Мен аябай темпераменттүүмүн. Эмне кылышым керек?
-Сен темпераменттүүмүн деп өзүңө өзүң шашылыш диагноз коюп жатасың. Сен оорулуусуң. Сени текшерүүдөн өткөрүп канчалык деңгээлде ооруп жатканыңдын стадиясын коюп туруп, кыздарды обу жок карай бербей турган кылып жакшылап дарылап коюш керек экен. Антпесе сенден эртеби-кечпи криминалдык аракетти жасап жиберүүңдү да күтсө болот. Сени алдын алып дарыгер дарылап койгонуна, темир тордон убагында куткарганына рахмат айтасың. Сен тез арада врачка кайрылып көрүн!
Тилек, Тоң районунан:
-Алкоголдук ичимдикти колдонуп жыныстык катнашка баруунун канчалык деңгээлде зыяны бар?
-Алкоголдун азыраак дозасы, мисалы 1-2 бокал анчейин пайызы жогору эмес винолор жыныстык органга кандын жакшы чуркашына көмөк берип, уялуу же эмоционалдык чыңалуудан чыгарып жыныстык активдүүлүктү жогорулатканы туура кеп. Бирок дозасынан бара-бара ашыра иче баштаган учурда , өнөкөт алкоголизмге оой баштаган кездерде тескерисинче жыныстык жактан терс таасирин тийгизген учурлары көп болот. Айрыкча жыныстык катнаш учурунда эрте бүтүп калуу ооруларына алып келет. Потенциянын да бара-бара бошоңдошо башташына алып келет. Алкоголь сперматозоиддердин кыймыл- аракетине да терс таасирин тийгизет. Деги эле бала күтүп жаткан үй-бүлөлөргө өтө терс таасирин тийгизет. Төрөлгөн балдардын ден соолугуна кесепети тийип оорулу болуп төрөлүп калуусуна да алып келет.
Азамат, Бишкек шаарынан:
— Күн сайын мастурбация кылуу зыян эмеспи?
— Билинбей маструбация кылып жүрүп акырындап онанизм оорусуна чалдыгып кетет, мындай жаман адатка көнүп алган адам. Бул бара-бара нерв системасына терс таасирин тийгизет. Кандайча бул адат менен тынымсыз алектенип калган адам психопатия, шизофрения ооруларына кабылып калуу коркунучу туулат. Мындай жаман адатка үйрөнүп алган адам бул жаман адаттан чыгуусу кыйын болуп калат. Өзүнүн кылганынан уялганы менен аны кантип токтотуунун жолун таппай калат. Айрыкча бул өспүрүм балдарга эн зыяндуу нерсе болуп эсептелинет. Мындай балдар бара –бара алы-күчү кетип арыктап да баштайт, тез күчү кетип айтылган ишти да аягына чыгара албай турган болуп калышат. Мындай балдардын эске тутуусу өтө төмөндөп кетет, урушчаак, таарынчак боло башташат, элге кошулалбай бара- бара четтей баштайт. Урологиялык жактан оорулар кошула баштайт, уруктун уруктук калтада кармалуусу начарлап азыраак ыйынып күч келгенде сыртка да ага баштоосу байкалат, простотореянын жана спермотореянын симптомдору байкала баштайт. Онанизм оорусу простатит, баланопостит, импотенция ооруларынын келип чыгышына алып келет. Дагы айта кетчу нерсе, мындай жаман адат менен алектенип жүргөн балдар кийинчерээк үйлөнүп аял алгандан кийин аялына алымсынбай, четке чыгышып ушул жаман адат менен алектенип алганга да аракет кыла башташат, мунун баары адамдын психикасынын бузулуп кайра калыбына келиши оңой- олтоң эместигин билдирет. Өспүрүмдөргө сабак болсун, мындай адат менен алектенген болушса эрки күчтүү убакта токтотуп калганга катуу аракет кылуулары зарыл. Маструбациянын жаман адатына бир гана балдар эмес кыздар да көнүп кетишип жогоруда айткан нерв системасынын ооруларына чалдыгып калуу коркунучу бар.
Нурмат. Бишкек:
-Жашым 21де. Буга чейин бирөө менен эч жыныстык катнашка барган эмесмин. Барбай жүрө берсе зыян эмеспи. Кеңеш берип коёсузбу?
— Мм… албетте сени түшүнүп жатам. “Школа будущих матерей” деген келечекте эне боло турган келиндерди үйрөткөн чакан мектептер болот. Чындыгында эркек балдарды мындай турмушка үйрөткөн атайын мектептер жок экен. Мындайда уролог, андролог, сексопатолог деген врачтардан кеңеш алсаң болот. Эгер ушундай чечилбеген суроолор болсо мага чалсаң кеңеш берем. Менин мобилдик телефонумдун номери 0555 00 49 52.
Кемин районунан Садыр:
-Агай, мен аял менен жатканда рахат албай жатам. Эмне кылышым керек?
-Аял менен кошулганда кумардын туу чокусуна чыгууну, денени балкыткан кандайдыр бир белгисиз күчтү, медицинанын тили менен айтканда «оргазм» деген укмуштуудай нерсени сезбей жаткан турбайсыңбы. Мунун себеби эмнеде? Демек сенде жетиштуу деңгээлде дүүлүгүү болбой жатат. Дүүлүгүүгө толук кандуу жетүү үчүн организмде болгон бардык комплекстүү түрдө иштөөчү көрүү, угуу, жыт сезүү органдарынын иштөөсү, мындан тышкары дагы кан айлануунун күчөп эркектердин жыныстык бездеринин жыйрылуусуна алып келгени сөзсүз толук кандуу болуусу керек.
Ал эми аялдардын жатыны, жыныстык кыны ритмдүү түрдө жыйрылуусу байкалат, эмчектеринин торсоё түшүшү, жыныстык кынында жайгашкан клиторунун жана жыныстык органынын кичине же чоң тилдеринин борсоё түшүшү кийинчерээк аялдын дагы жогоруда айткан оргазмга толук кандуу жетүүсүнө түрткү берет. Албетте эркектинби же аялдынбы толук кандуу оргазмга жетишине экөө тең чогуу аракет кылуулары зарыл.
Баш мээге баш ийбеген үн чыгаруу, тез- тез дем алуулар менен да коштолуп кеткен учурлары болуусу зарыл бул оргазмда. Жада калса жакын жерде адамдардын бардыгына карабай кыйкырып же аялдардын ыйлап да жиберген учурлары болот. Мындай көрүнүш жаратылыштан калган кыйкырууларды же тиштегилеп жиберген инстиктерди акыл-эс менен оргазмдын туу чокусуна жетип калганда тыя да албай калуулары ыктымал адамзаты. Эгер сендеби же жыныстык партнёруңдабы ушундай көрүнүштөр болбой жатса , анда экөөңөр тең психологиялык жактан бири-бириңерди даярданбай туруп эле эптеп милдетиңерди өтөп эле коёлу деп жүргөн инсансыңар, башка кеп жок. Негизи, андай болбойт да.
Адыл, Ысык-Көл району:
-Бир жыл мурда үйлөнгөм. Аялымдын боюна бүтпөй жатат. Дарыгерге көрүнсө баардыгы жайында экен. Кептин баары менде окшойт. Сизге көрүнсөм болобу? Кантип дарылайсыз?
-Кайрылсаң болот. Мен көп жылдардан бери тукумсуздук менен ооруган үй- бүлөлөрдү медициналык текшерүүдөн өткөрүп дарылап жардам берип келе жатам. Биздин дарек: Логвиненко кочосү № 32, Жибек-Жолу көчөсү менен кесилишкен жерде 12 кабаттуу үйдүн алдында жайгашканбыз.
Кемел, Жайыл району:
-Жашым 40та. Жыныстык жактан “шал” болуп калган окшойм. Каалом да жок. Дегеле мындай абал эмнеден улам пайда болот?
-Мындай оорунун себептери абдан көп. Бул импотенциянын белгилери болуп саналат. Мисалы кан айлануусунун начарлап кетиши, эркектик гормондун нормасынан ылдый болуп төмөндөп кетиши, психологиялык жактарга да байланышы болуусу ыктымал. Жогоруда дарегимди айттым, кайрылсаң жардам берем.
Булак: Чагылган.