Белгилүү болгондой, 2019-жылдын 27-апрелинде КУУнун ректору Канат Садыков LN Group компаниясынын аткаруучу директору Дхармендра Гупта мырза жетектеген индиялык делегацияны кабыл алып, аталган компания менен Кыргыз улуттук университетинде медициналык факультет ачуу багытында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.
Иш чараларга индиялык Essence Pharmaceuticals компаниясынын ээси Тоусиеф Ахмед мырза, LN Group компаниясынын катчысы Анупум Чоксей мырза, илимий жетекчиси Свапна Сингх айым, чет өлкөлөр менен кызматташуу боюнча адистер Аниш Гоптал жана Бриджеш Сингх мырзалар, о.э. КУУнун административдик жана чарба иштери боюнча проректору Туратбек Суранаев менен эл аралык кызматташуу департаментинин начальниги Бактыбек Келдибеков катышкан.
Белгилей кетсек, «LN Group» компаниясы медициналык кадрларды даярдоодо зор тажрыйбасы бар Индиянын Бхопал шаарындагы медициналык университеттин башкы колдоочусу, Кыргызстандагы ири инвестициялык проекттердин катышуучусу.