Улукбек Кочкоров эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматынан кетип жатканын кабарлады. Ал кечээ 21-августта кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.
Учурда Өкмөт расмий буйрук чыгара элек.
Эске сала кетсек, Улукбек Кочкоров «Биримдик» партиясынан депутаттыкка талапкерлигин коюуда.