Домой Саясат УКМКны башкарган «экстердин» ачуу тагдырлары Опумбаевге сабак болушу абзел

УКМКны башкарган «экстердин» ачуу тагдырлары Опумбаевге сабак болушу абзел

57
Баарыбыз күбө болгонбуз. УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев Кой-Таш окуясын аягына чыгарып, каршылаштарды жазалаган соң кызматтан кете турганын жар салган. Кайсы бир деңгээлде катачылык кетиргенин, жоопкерчилигин эске алганын ачык трибунадан айткан эле. А мезгил кандай баа берет (?), ал башка жагдай. Эске салсак, УКМКны жетектегендердин дээрлик баарысынын тагдырлары оор болгонун убакыт тастыктап салыптыр.
Маселен, Феликс Кулов беш жыл отуруп чыккан. Бусурманкул Табалдиев качып жүрөт. Мурат Суталинов тогуз жыл түрмөдө жатып, ден соолугунан ажырап калды. Шамил Атаханов да №1 СИЗОго жатып чыкты. Абдил Сегизбаев болсо бутунун учу менен басып, сурактан башы чыкпай, сууга түшкөн чычкан кейиптенип, айласы куруп отурат. Идрис Кадыркулов тендер чуусуна кабылып, эл карай албай, бүтүндөй системаны уят кылуу менен кызматынан айдалган.
Айтор, санай берсең бири да соо эмес экен. Мына ушулардын ачуу тагдырларын эске алып, Опумбаев иш жүзүндө жаңылбоо үчүн жан сабап, мыйзамдуулук менен гумандуулукка таянса дейсиң. Бул күндөр да өтөт, кеп эртеңкинин элегинде. Учур кеңеши ушундай…
«Азия Ньюс»