Домой Саясат Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстанга иш сапар менен кетти

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстанга иш сапар менен кетти

39

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев чек ара маселелери боюнча сүйлөшүү үчүн Тажикстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы  маалымдады.

Маалыматта: Иш-сапардын алкагында Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин жана башка аткаминерлери менен жолугушары, жолугушуулар эки күн, 19-20-ноябрь күндөрү боло турганы айтылат.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-тажик кызматташуусунун саясий, соода-экономикалык маданий-гуманитардык жана башка кеңири маселелери талкууланмакчы. Мындан сырткары коопсуздук темасы да сөз болушу күтүлүүдө. Ошондой эле  Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссияларынын мындан аркы жумуштарына өзгөчө көңүл бурулмакчы.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы — 970 чакырым. Мунун ичинен 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат. Талаштуу тилкелер Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында. Бул жерлерде жайыт, жер, сугат суу талашынан уламэки элдин ортосунда чыр-чатак көп болот.