Домой Коом Турсунбек Бактыгулов Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Турсунбек Бактыгулов Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

1688

Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп Бактыгулов Турсунбек Асанбекович дайындалганы маалым болду.  Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Өзүбеков Уланбек Насипбекович ушул жылдын 21-майында дүйнөдөн кайткан. Ошол убактан бери бул кызмат бош турган.

Бактугуловдун эмгек жолу:

-1978-жылы 7-октябрда Кочкор районундагы Кара-Мойнок айылында туулган. 1985-1995-жылдары Кочкор районундагы Ишеналы Абылгазы уулу атындагы орто мектебинде билим алган. 1995-1999-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин информатика жана кибернетика факультетинде билим алып, математика жана информатика мугалими кесибине ээ болгон.  2000-жылдын 1-сентябрынан 2003-жылдын 15-августуна чейин Кочкор районундагы Сагындык Өмүрбаев атындагы орто мектебинде математик жана информатикамугалим. 2003-2006-жылдары ушул эле мектепте директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары,  2006-2010-жылдары Кочкор районундагы Арзымкан Бостонов атындагы орто мектебинде директор, 2010-жылдын май айынан ушул күнгө чейин Сагындык Өмүрбаев атындагы орто мектептин директору болуп иштеген.

Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.