Домой Коом Түркияда 12 аялды сексуалдык кулчулукта кармап келген топ кармалды

Түркияда 12 аялды сексуалдык кулчулукта кармап келген топ кармалды

72

Жакында Түркиянын Кония шаарында сойкулук кылмышты уюштуруп жүргөн топ кармалды. Түркиянын  Түркиянын ЖМКлары   кылмышка шектүүлөрдү эки жарым ай аңдып жүргөн соң, полиция бир нече дарек боюнча камоо жүргүзгөнүн жазышты

Полиция аялдарды коркутуп-үркүтүп жыныстык күңдүктө кармады деген шек менен беш кишини камакка алды. Алар – түркиялык жарандар Тахир А. (40 жашта), Осман А. (40 жашта), Дениз У. (41 жашта), Режеп Ө. (29 жашта) жана Өзбекстандын жараны Шахноза И. (24 жашта).

Бул кылмыштуу топ 12 аялды (алардын 11и – өзбекстандык, бири – түркиялык) жыныстык күңдүктө кармап, сойкулук кылууга мажбурлап келгени жоромолдонууда.

Атайын коопсуздук амалдарынын жүрүшүндө эки тапанча, баңгизат табылганы айтылды.

Өзбекстандын жараны Шахноза И. боштондукка чыккан бул аялдарга жумуш таап берем деп убада кылып, алардын паспортторун тартып алып, андан соң аларды шериктери менен бирге сойкулук менен алектенүүгө мажбур кылган деп шек саналууда.

Учурда Кония шаарынын миграция жаатын тейлеген башкармалыгы Өзбекстандан келген аялдарды мекенине жөнөтүү маселелерин чечүү менен алектенип жатат.