Теменедей иш кылбастан Мамлекеттик мүлк фондун майкандап келген Ренат Түлөбердиев дегенди ММКлар тынбай жазып, бир топ шойкомдуу иштерин айтып келгени маалым. Бул балакай өткөн жума кызматтан кетти эле. Анын кызматтан кеткенин укканда жамы-журт суйүнүп, коомчулуктун сыны акыры барып өкмөткө жеткен экен деп социалдык желеден талкууланып жаткан.
Бир күн өтпөй, ал эргулду өкмөт башчысы «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындаптыр. Сүткө оозун күйгүзсө дагы, Түлөбердиевден түңүлбөгөндөр бар экен, эй!
«Де-Факто»