Транспорт жана коммуникациялар министринин жаңы орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, Талантбек Солтобаев Нурланбек Кайынбаевдин ордуна министрдин биринчи орун басары, ошондой эле Ырысбек Бариев Таабалды Тиллаевдин ордуна министрдин орун басары болуп келген.
Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.









