Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Интернационал айылынын тургуну Айжан Сүйүналы кызы төрөттөн кийин укпай калды.
Өзүнүн айтымында, экинчи кызын төрөгөндөн кийин кулагына шуулдаган үн угулуп баштаган. Арадан 4 жыл өткөн соң төртүнчү баласын жарык дүйнөгө алып келген. Бул төрөттөн 5 күн өткөндөн кийин эки кулагы тең укпай калган.
«Ата-энем Талас облусунда, айылда турушат. Учурда 4 баланын энесимин, уулубуз 8 жашта, андан кийинки кыздарым 5-3 жашта, эң күчүүсүнө 2 ай болду. Жолдошум шаарда эмерек жасаган цехте иштейт. Менин кесибим мугалим. Окуумду бүтүп, мектепке аз гана убакыт иштедим. Азыр балдарым менен үйдөмүн», — деди ал.
Сүйүналы кызы Айжан кулагына угулган үн мындай ооруга алып келерин билген эмес.
«2016-жылы экинчи кызымды төрөгөндө кулагымда үн пайда болду. Ошол жылдан баштап кулагымдын угуусу начарлай баштады. Бирок мынчалыкка чейин ооруп каларын билген эмесмин. 2018-жылы аллергия болуп, 2 ай дарыландым. Анан үчүнчү кызымды төрөдүм. Ошондон баштап баягы үн күчөдү. Оң кулагым толук укпай калды. Кулагымды дарыгерге көрсөтүп, бир нече жолу дарыландым. Бирок жыйынтык болгон жок. Тескерисинче оорум күндөн күнгө күчөп жатты.
Оң кулагымды текшертсем, дарыгерлер «3-даражадагы укпай калуу» деген диагноз коюшкан. Ошентип менин мурдагы жашоом өзгөрдү. Акыркы 3 жылдын ичинде кулагым укпай калгандыктан көпчүлүктөн качып, үйдөн чыккыс болдум. Кызыгы, кулагым 15 күн чала-була укса, 15 күн такыр укпай калчу. Мурда мага адаттагыдай эле акырын сүйлөп кайрылган тааныштарга эми кечке эле «ыя» деп кайра-кайра сурай бергенден тартынчу болдум. Ошондон улам да көчөгө чыга албай жүрдүм.
Кээде сүтүм да чыкпай калат. Мындайды душманыма да каалабайт элем. Абдан жаман экен. Кээде укпай калганымды унутуп калып, телефон менен апама чалып алам. Жолдошум жумуштан келген соң, аны менен телефон аркылуу кат жазып сүйлөшүп калдым. Ушинтип эле укпай каламбы деп күнү-түнү ыйлачу болдум. Азыр эки кулагым тең укпайт.
Кудай жалгап биздин мамлекетте мындай ооруну айыктырса болот экен. Чет өлкөдөн кохлеарный аппарат алынып келиптир. Операцияга 25 миң доллар деп жатышат. Жолдошумдун айлыгына жашап келебиз. Мындай көп суммадагы акчаны өмүр бою иштесек да чогулта албайбыз го. Кудайга шүгүр, ата-эне, бир туугандарыбыз жардамын берип жатышат. Бирок айтылган сумманы чогултуу кыйын болуп турат. Менин азыр болгон тилегим — балдарымдын үнүн угуп, кайрадан ден соолугум калыбына келсе дейм», — деди ал.
- Сбербанк: 4276380134412571;
- Элсом: 0706 708093.
Булак: Turmush